Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттигинен (УКМК) билдиришти.
Садыр Жапаров Казакстандан кийин Өзбекстан, Кытай жана Түркияга барарын айтты

Президенти Садыр Жапаров Казакстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алдында "Казинформ" эл аралык маалымат агенттигине маек курду.
Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат

Бүгүн Бишкек шаарынын айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Франциянын экс-президенти Саркози үч жылга кесилди

Францияда сот мурдагы президент Николя Саркозини үч жылга эркинен ажыратты. Ага "Коррупция" жана "Кызмат абалынан аша чабуу" беренелери боюнча айып тагылган.
Президент Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик иш сапар менен кетти

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, мамлекеттик иш сапар менен Казакстан Республикасына кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Түркия Айга уча турган ракета жасоого ниеттенүүдө

Түркия Айга баруу миссиясы үчүн колдонула турган гибрид кыймылдаткычтуу ракета жасай турганын жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк 28-февралда билдирди.
Кыргызстандык балбандар Киевдеги эл аралык мелдеште 13 медаль утту

Кыргызстандык балбандар Украинанын алдыңкы балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеште 13 медаль багындырышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.






