2025-07-08
Франциянын экс-президенти Саркози үч жылга кесилди

Францияда сот мурдагы президент Николя Саркозини үч жылга эркинен ажыратты. Ага "Коррупция" жана "Кызмат абалынан аша чабуу" беренелери боюнча айып тагылган.
Президент Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик иш сапар менен кетти

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, мамлекеттик иш сапар менен Казакстан Республикасына кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Түркия Айга уча турган ракета жасоого ниеттенүүдө

Түркия Айга баруу миссиясы үчүн колдонула турган гибрид кыймылдаткычтуу ракета жасай турганын жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк 28-февралда билдирди.
Кыргызстандык балбандар Киевдеги эл аралык мелдеште 13 медаль утту

Кыргызстандык балбандар Украинанын алдыңкы балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеште 13 медаль багындырышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Ошто Райымбек Матраимовду колдоо митинги өттү

28-февралда Ош шаарында УКМК тарабынан кармалган Райымбек Матраимовду колдоо митинги өттү.
ИИМ: Улан Ниязбеков үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча онлайн кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков 1-мартта коомдук коопсуздукту камсыздоодо үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу, уурулук, анын ичинде мал уурулугуна каршы күрөшүү иштерин күчөтүү боюнча ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү.
Жапаров эртең мамлекеттик иш сапары менен Казакстанга барат

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстан Республикасына мамлекеттик иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев билдирди, - деп кабарлайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.