2024-12-26
Президент Садыр Жапаров 24-25-февралда Россия Федерациясына барат
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 24-25-февралында Мамлекет башчысы катары алгачкы чет элдик сапары менен Россия Федерациясына барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев билдирди.
УКМК: Ош ЖЭБинде коррупциялык схема аныкталды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Ош жылуулук электр борборундагы коррупциялык схеманы аныктады.
Баткендин бир катар аймактарын милициянын көчмө кабылдамасы кыдырат
Баткен облусунун бир катар аймактарын милициянын көчмө кабылдамасы кыдырат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Жалал-Абадда милиция тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу иштери уланууда
Жалал-Абадда милиция тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу иштери уланууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте жана Кара-Сууда Матраимовду колдоо митинги өттү
Бишкек шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунда Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоо митинги өттү. Митингге жүздөгөн адам топтолду. Алар өлкө башчысынан акыйкат чечим чыгарууну талап кылышты.
Бишкек мэриясы бейтап балдардан кабар алды
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан бейтаптардын ден соолугун сурап, оорукананын иши менен таанышты. Мэрдин милдетин аткаруучу дарыгерлер менен баарлашып, бейтаптарга сапаттуу кызмат көрсөтүүнү тапшырды.
Жакында Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга барат
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров иш сапары менен Россия Федерациясына барат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.