2024-05-17
“Ала-Арча” көрүстөнүндө Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылды
“Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, драматург, кинематограф Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Ошто мунай базасында өрт чыкты. Жабыркагандар бар
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан жеке менчик “Россия нефть” базасында өрт чыкты. Кырсык тууралуу билдирүү 3-июлда саат 18:20да кабарланган.
Ала-Арча көрүстөнүндө Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылат
5-июлда Ала-Арча көрүстөнүндө белгилүү кинорежиссер, СССРдин жана Кыргызстандын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болотбек Төлөнович Шамшиевдин эстелигин ачуу аземи болот.
Президенттин "Эл үмүтү" стипендиясына документтерди кабыл алуу узартылды
Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу узартылды. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, документтерди онлайн кабыл алуу 2023-жылдын 1-июлунан 10-июлуна чейин жүргүзүлөт.
Орусиянын өзөктүк өнөр жайына каршы санкциялар: Борбор Азияга таасири
Акыркы айларда АКШ Конгрессинде Россия Федерациясынан уран импортун кыскартуу боюнча мыйзам долбоорлору активдүү талкууланууда. Бул демилгелерди эки партиянын – республикалык жана демократиялык партиялардын өкүлдөрү колдоп жатат. Бул маселенин олуттуулугун көрсөтүп турат. Россия Федерациясынан уран импорттоого тыюу салуу боюнча февралдагы мыйзам чыгаруу демилгеси буга чейин сыноодон өтүп, Сенаттын энергетика, климат жана тармактык коопсуздук боюнча комитетине жөнөтүлгөн.
Караколдо өткөн этно фестивалда Ош шаары алдыңкы орундарга татыды
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Жолболду уулу Садыр Акенин 200 жылдык, Байсары уулу Кыдыр Акенин 180 жылдык мааракелерине арналган "Улут баскан улуу жол" аттуу IV этно фестивалынын алкагында өткөн кароо -сынактарда Ош шаары байгелүү орундарга ээ болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Асман шаарынын курулушуна салтанаттуу түрдө старт берилди
Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл облусундагы Асман шаарынын курулушуна салтанаттуу түрдө старт берди. Иш-чара "Асман" шаарынын курулуш долбоору тууралуу видеороликти көрсөтүү менен башталды.