2025-01-10
Ок атуу боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өттү
Кечээ, 15-май күнү Бишкек шаардык мэриясынын уюштуруусунда «9х19» спорттук ок атуу комплексинде ок атуу боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу ок атуу боюнча спортчу жана машыктыруучу Каныкей Кубанычбекова KEREEZ.KGге билдирди.
Марипов: Кыргыз-түрк соода-экономикалык байланыштарын чыңдоо зарыл
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Түркия Республикасынын Палаталар жана товардык биржалар бирлигинин (Türkiye Odalar ve Borsalar Birliği – TOBB) президенти Рифат Хисарджыклыоглу жетектеген делегация менен жолугушту.
Жапаров АКШнын элчисин кабыл алды
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-майда, АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Луну дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.
Садыр Жапаров тышкы башкаруу боюнча мыйзамга кол койду
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу презденттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 6-майында кабыл алынган.
Россиянын “КАМАЗ” унааларын Кыргызстанда кураштыруу пландалууда
КРнын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов “КАМАЗ” АКтын автомобилдерди сатуу боюнча башкы директорунун орун басары жана Орто Азия аймагынын директору Любовь Тюрина менен жолукту.
Жол кырсыгына себепчи болбо!
Жол кырсыгына себепчи болбо! Милиция кайырчы жана ыктыярчыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери автоунаа жүрүүчу чоң жолдордо кайырчылык менен айдоочулардан акча чогулткан жарандарга жана атайын оорулуу бейтаптарга жардам көрсөтүү максатында айдоочулардан акча чогулткан ыктыярчыларга жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди
Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Сейсмология институтуна таянып билдирди.