AUCA the best 2

2025-11-09

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Баткен облусунун статусу жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулаган кеңешме өттү

Баткен облусунун статусу жөнүндө мыйзам Баткен облусунун өнүгүүсүн аныктайт. Баткен облусун өнүктүрүүгө жана калыбына келтирүүгө багытталган иш-чаралар – Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Бул туурасында Баткен облусунун статусу жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди, - деп кабарлайт министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

1596596725.1113287714.jpeg

Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы атайы өкүлү катышты.

Айбек Жунушалиев белгилегендей, «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзам долбоорун кароонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тараптан аны толуктап иштеп чыгуу зарылдыгы тууралуу конструктивдүү сунуштар айтылды.

«Мыйзам долбоору киргизилген сунуш-пикирлерди эске алуу менен толукталып иштелип чыгат. Баткен облусун өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын иштеп чыгуу пландаштырылууда. Депутаттардан жана тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилеринен турган ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлөт», - деди ал.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин мыйзам долбоорунун айрым ченемдерин толуктоо жана тактоо жөнүндө сунуштары айтылды, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине, иштелип жаткан Кыргыз Республикасынын Инвестициялык кодексине, Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камтыган мыйзам долбоорлорунун пакетин иштеп чыгуу жана парламентке киргизүү тууралуу айтылды.

Белгилесек, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын президентинин тапшырмасы боюнча башталган жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык стабилдүүлүктү жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги чаралар планы - 100 күн» Программасына киргизилген.

Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинен 3-майына чейин коомдук талкуунун тийиштүү процедуралары өткөрүлгөн жана аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2