2025-07-17
Кутманова: Кыргызстан «Центерраны» эл аралык соттон жеңе алат

Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясы менен соттошсо утуп чыгат. Бул тууралуу Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова, Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйынында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө жыйынтыгы угулуп жатканда билдирди.
«Кумтөр» боюнча бир топ жетекчи суракка чакырыла баштайт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Кумтөр» алтын кенине байланыштуу кылмыш иштерин иликтеп жатат. Анын алкагында мурдагы келишимдерди түзгөн айрым жетекчилер суракка чакырылып баштайт.
Президент алты өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, Пакистан Ислам Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Венгриянын, Афганистан Ислам Республикасынын, Түркия Республикасынын, Казакстан Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдайт.
Чек ара кызматы Тажикстанды өрт боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырат

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу, деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы.
Бүгүн Бишкекте ысык суу бир айга өчүрүлөт

Бүгүн, 17-майдан тарта Бишкекте ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Ок атуу боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өттү

Кечээ, 15-май күнү Бишкек шаардык мэриясынын уюштуруусунда «9х19» спорттук ок атуу комплексинде ок атуу боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу ок атуу боюнча спортчу жана машыктыруучу Каныкей Кубанычбекова KEREEZ.KGге билдирди.
Марипов: Кыргыз-түрк соода-экономикалык байланыштарын чыңдоо зарыл

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Түркия Республикасынын Палаталар жана товардык биржалар бирлигинин (Türkiye Odalar ve Borsalar Birliği – TOBB) президенти Рифат Хисарджыклыоглу жетектеген делегация менен жолугушту.