2025-05-16
Зардалынын 61 жаштагы тургуну бир жумадан бери дайынсыз болууда

Баткенде дайынсыз жоголгон 61 жаштагы Кутмамат Саипов изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
«Манас» аэропортунун аймагында ПЦР-тест үчүн лаборатория ачылды

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова «Манас» Эл аралык аэропортунун аймагында жайгашкан «BS Group» корпорациясынын (Корея Республикасы) «AMSBIOLAB» жаңы ПЧР-лабораториясынын ачылыш аземине катышты.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, лаборатория жакын арада өз ишин баштамакчы.
Өзбекстанда Улуттук паралимпиадалык комитет түзүлөт

Өзбекстанда Улуттук паралимпиадалык бирикменин базасында Улуттук паралимпиадалык комитет жана анын аймактык бөлүмдөрү түзүлөт. Тиешелүү токтомго өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.
Прокуратура органдарынын Ардагерлер кеңешинин конференциясы болуп өттү

Күн мурун, 20-майда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин катышуусунда прокуратура органдарынын Ардагерлер кеңешинин конференциясы өткөрүлдү.
Бишкекте республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкектин социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жалпы билим берүүчү предметтер боюнча мектеп окуучулары үчүн республикалык (шаардык) олимпиаданын III этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Бишкек жана Ошто эмдөө пункттарынын иштөө тартиби өзгөрдү

Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүнүн алкагында Бишкек жана Ош шаарларындагы COVID-19га каршы эмдөө пункттарынын ишине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстан менен Түркия туризм жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрөт

Кечээ, 20-майда Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов Түркия Республикасынын маданият жана туризм министрлигине караштуу Түркия кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) программасынын координатору Осман Уста менен жолугушту. Бул тууралуу аталган департаменттин басма сөз кызматынан кабарлашты.