AUCA the best 2

2025-11-09

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Жапаров Лейлек районунун Максат айылына барды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, Баткен облусуна иш сапарынын алкагында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда жабыркаган Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

dos_1236962-min.jpg

Мамлекет башчысы талкаланган объектилерди, анын ичинде өрттөлүп кеткен мектепти көрүп, ошондой эле турак-жай имараттарынын жана билим берүү объектилеринин курулушу, атап айтканда, 100 орунга эсептелген 2 кабаттуу жаңы бала бакчанын долбоору менен таанышты.

Президент ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алар менен баарлашууда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жөнүндө кеңири айтып берди.

Анын айтымында, бул маселенин чечилиши аймактын социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз байланыштуу.

Мамлекет башчысы Баткен облусуна мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп келе жаткандыгын жана мындан ары дагы көңүл буруларын баса белгиледи.

Президент бир дагы жергиликтүү тургун жардамсыз жана керектүү колдоосуз калбастыгына ишендирип өттү.

Ошондой эле Садыр Жапаров гуманитардык жардамдарды даректүү бөлүштүрүү зарылдыгын кошумчалады.

Баарлашуу учурунда жергиликтүү тургундар өткөн окуяларда жабыркагандарга ар тараптан колдоо көрсөтүү, ошондой эле жеке мүнөздөгү бир катар маселелерди көтөрүштү.

Алар бийликтин чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча кылып жаткан аракеттерин колдой тургандыктарын билдиришти.

Ошону менен бирге жергиликтүү эл мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоого жана өлкөнүн ар тарабынан гуманитардык жардамдар келип жаткандыгын белгилөө менен кыргызстандыктарга ыраазычылык билдиришти.

«Биздин үнүбүз сизге жетип жатканына кубанычтабыз», — деп айтышты Максат айылынын тургундары мамлекет башчысына кайрылып жатып.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө жолугушууда айтылган маселелерди чечүү үчүн бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле бардык объектилерди мерчемделген убакытта калыбына келтирип, куруп бүткөрүүнү талап кылды.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2