2024-05-17
Жол кырсыгына себепчи болбо!
Жол кырсыгына себепчи болбо! Милиция кайырчы жана ыктыярчыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери автоунаа жүрүүчу чоң жолдордо кайырчылык менен айдоочулардан акча чогулткан жарандарга жана атайын оорулуу бейтаптарга жардам көрсөтүү максатында айдоочулардан акча чогулткан ыктыярчыларга жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди
Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Сейсмология институтуна таянып билдирди.
"Баткенге жардам" атайын эсебине 85 млн сом чогулду
Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркаган Баткен облусуна жардам берүү үчүн өкмөт тарабынан атайын эсеп ачылган. Ал эсепке дээрлик 85 млн сом чогулду.
Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Казакстан Республикасынын президенти Касым Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.
Муфтийдин м.а. Жоробай ажы Шергазыев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.
Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечимди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 12-майдагы жыйынында кабыл алды.
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.