AUCA the best 2

2025-12-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 6,5 пайыз деңгээлинде калтырды

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 6,5 пайыз деңгээлинде калтырды. Чечим 2021-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу КР УБнын расмий сайтында маалымдалат.

5e5b9f4b-a830-4b38-b0a2-98a6d95d50a7_jpg_850x445_q82_crop.730x0.jpg

Дүйнө жүзү боюнча жана Кыргыз Республикасынын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө экономикалык жигердүүлүктүн калыбына келиши байкалууда, бул акырындап соода-логистикалык жолдорду калыбына келтирип, Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишин кайра баштоого шарт түзөт. Бирок, дүйнөдө сыяктуу эле, региондо да вакцина менен эмдөө жай арымда жүрүп, COVID-19 чалдыккандардын санынын өсүшү да экономикалык жигердүүлүктүн толугу менен калыбына келишин кечеңдетүүдө.

Кыргыз Республикасынын экономикасынын жигердүүлүгүнүн акырындап калыбына келишинин алкагында алгачкы алгылыктуу белгилер байкалууда: 2021-жылдын январь-апрель айларында “Кумтөр” алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, реалдуу ИДӨнүн өсүшү 1,1 пайызды түзгөн.

Ички керектөө бир калыпта катталууда жана ал өлкөгө акча которуулардын эсебинен колдоого алынууда.

Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө, негизинен, азык-түлүк товарларына (күн карама майы, эт жана кант) жана күйүүчү-майлоочу материалдарга баалардын өсүшү сакталып турат. 2021-жылдын май айында (21ине карата) жылдык инфляция көрсөткүчү 10,7 пайыз чегинде калыптанган. Глобалдуу рыноктордо жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө азык-түлүк товарларына баалардын жогорулашы өлкөдө инфляциялык тобокелдиктердин сакталып турушунан улам шартталган.

Өлкөгө инфляциялык басымды чектөө максатында Улуттук банк тарабынан инфляциянын монетардык түзүүчүсүн аныктоо чаралары көрүлгөн. Ликвиддүүлүктү тескөө боюнча жигердүү чаралар банк системасында үстөк ликвиддүүлүк көлөмүн төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген. Ушундан улам кыска сегментте банктар аралык кредит рыногунун катышуучуларынын жандануусу белгиленүүдө. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери, бүтүндөй алганда, негизги ченге жакындоо тенденциясына ээ болгон жана алар Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чек чегинде өзгөрүп турууда. Коммерциялык банктар ресурстук базасын жана экономиканы кредиттөөнү арттырууну улантышууда.

Тышкы чөйрөнүн өнүгүү өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 6,5 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына кошумча корректировкаларды киргизиши мүмкүндүгүн билдирет.

Улуттук банк туруктуу негизде инфляцияга тышкы жана ички таасир этүү чараларына баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын колдонот.

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2