2025-05-16
Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
УКМК: Экс-депутат С.Ибрагимов мамлекеттин эсебине 100 млн сом которду

Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын мурдагы депутаты Сергей Ибрагимов мамлекеттин бюджетине өз ыктыяры менен 100 миллион сом которду. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жапаров Ильхам Алиевди Республика күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевди Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан Азербайжан Республикасынын улуттук майрамы — Азербайжан Республикасынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Казакстанда коронавируска каршы толук эмделгендер миллиондон ашты

Казакстанда COVID-19га каршы эмдөөдөн толук өткөн жарандардын расмий саны миллиондон ашты. 28-майга карата вакцинанын эки дозасы тең сайылгандар 1 021 100гө жетти.
Тимур Файзиевге издөө жарыяланды

Кечээ, 27-майда Аскер прокуратурасынын тергөө тобу тарабынан Elite house курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.