2025-01-10
"Баткенге жардам" атайын эсебине 85 млн сом чогулду
Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркаган Баткен облусуна жардам берүү үчүн өкмөт тарабынан атайын эсеп ачылган. Ал эсепке дээрлик 85 млн сом чогулду.
Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Казакстан Республикасынын президенти Касым Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.
Муфтийдин м.а. Жоробай ажы Шергазыев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.
Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечимди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 12-майдагы жыйынында кабыл алды.
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
Бишкекте ысык суу өчүрүлөт
Борбор калаада 17-майдан баштап бир айга ысык суу өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка калаа башчысынын милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Депутаттар "Кумтөр" маселесин талкуулайт
Келерки дүйшөмбүдө парламенттин кезексиз жалпы жыйыны болот. Айрым маалыматтарга ылайык, анда Кумтөр алтын кенине байланыштуу маселе каралат. Жыйынга президент Садыр Жапаров катышып, сөз сүйлөрү да айтылууда.