AUCA the best 2

2025-05-14

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бишкекте Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган иш-чара өтөт

Бүгүн, 20-майда Улуттук илимдер академиясында (УИА) мамлекеттик жана коомдук ишмер Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган “Касым Тыныстанов – Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери жана окумуштуусу” аттуу конференция өткөрүлөт. Бул тууралуу КР УИАнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

1046163357.jpg

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР УИАнын президенти М. Жуматаев, академик А. Акматалиев, филология илимдеринин доктору, КРнын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы С. Мусаев, “Мурас” фондунун төрагасы К. Молдокасымов, саясий жана мамлекеттик ишмер М. Шеримкулов, чет элдик окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышат.

Иш-чарада Касым Тыныстановдун поэзиядагы, кыргыз адабиятындагы орду, алаш ордо кыймылы жана Тыныстановдун ортосундагы байланыш, “кызыл профессор” аты менен белгилүү болгон Тыныстановдун түрк тилдүү элдердин тарыхындагы орду жана башкалар жөнүндө билдирүүлөр жасалат.

Маалымат үчүн: Алгачкы кыргыз профессору, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, 1920–1930-жылдары элдик билим берүү жаатындагы реформатор Касым Тыныстановдун өмүрү жана ишмердүүлүгү Кыргызстан тарыхында татыктуу орунду ээлейт. К. Тыныстанов өлкөнүн коомдук-саясий жана маданий өнүгүүсүнө түрткү берген жана кыргыз адабий тил чөйрөсүндөгү реформаларды ишке ашырууга катышкан. Окумуштуунун кыргыз тили багытындагы бир катар («Окуу куралы», 1924; «Чоңдор үчүн алиппе», 1926; «Биздин тил», 1927; «Эне тил», 1928; «Кыргыз тилинин морфологиясы», 1934; «Кыргыз тилинин синтаксиси», 1936) эмгектери жарыкка чыккан.

1924-жылы Ташкент шаарындагы Агартуу институтун бүткөндөн кийин Түркстан Эл агартуу комиссариатындагы Илимий комиссиясынын катчысы, кийин төрагасы болуп иштеген. 1925-жылы «Ала-Тоо» газетасынын редактору, 1927–1930-жылдары Кыргыз АССРнин Эл агартуу комиссары, 1930–1937-жылдары алгач Кыргыз маданият жана куруу институтунун илимий кызматкери, кийин анын директору. Саясий репрессиянын жылдарында ага жүйөсүз буржуазиялык улутчул күнөөсү тагылып, 1937-жылы камалган жана 1938-жылы атууга кеткен. 1988-жылы К. Тыныстанов толугу менен акталган.

Иш-чараны КР УИАнын Б. Жамгырчынов атындагы Тарых, археология жана этнология институту, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту жана КР президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду тарабынан уюштурулган.

Булак: Кабар

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2