2024-05-17
Бишкектеги шайлоо тилкелеринде орун алган мыйзам бузуулар
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов маалымат жыйын учурунда шайлоо тилкелериндеги мыйзам бузуулар туурасында айтып берди.
Бишкекке Sinopharm вакцинасынын 1 млн ашуун дозасы келди
Кыргызстанга бүгүн, 11-июлда коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын кезектеги партиясы алынып келди. Вакцинаны өткөрүп берүү иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
Шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча акыркы маалыматтар
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо маалында добуш сатып алуу боюнча 11, шайлоочуларды ташуу боюнча 3, үгүт иштеринин бузулушу боюнча 3 факты катталды. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Султан Макилов билдирди.
Боомдо балдарды ташып келе жаткан автобустар жол кырсыгына кабылды
Бишкек - Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында (Боом капчыгайы) балдарды ташып келе жаткан автобустардын катышуусунда жол кырсыгы катталды.
Чек ара кызматы: Тажик аскерлери күтүүсүз жерден кол салышкан
Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкеси туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.
Бишкекте коомдук транспортто тазалоо жана санитардык рейддер жүргүзүлүүдө
Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспортто коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштү күчөтүлгөн тартипте улантууда.
Чек ара кызматы: Тажик чек арачылары бир кыргыз аскерин кармап кетишкен
2021-жылдын 8-июлунда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу учурунда КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын бир аскер кызматкери тажик чек арачылары тарабынан кармалып, Тажикстандын аймагына жеткирилген. Бул тууралуу КР УКМкнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирет.