Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылды

26-июлда болжол менен эртең мененки саат 6ларда Бишкек – Ош унаа жолунун 217-чакырымында Toyota Alphard унаасынын айдоочусу уктап кетип, бетон тосмону сүзүп алган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Токио 2020: Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Токиого жөнөштү

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы Токиого сапар алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Акыркы суткада 969 адамдан COVID-19 табылып, 14 бейтап көз жумду

Кыргызстанда 27-июлга карата коронавирус дагы 969 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Айбек Осмонов: Мыйзам баарыбызга бирдей иштесин!

БШК "Биздин Кыргызстандын" Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодогу жыйынтыктарын жокко чыгарды.
ОШ ШК: БШК "Биздин Кыргызстандын" жыйынтыгын жокко чыгарды

Бишкекте абанын температурасы +47 болуп жатабы? Кыргызгидрометтин жообу

Бишкектин жашоочулары социалдык тармактарда термометрдин көрсөткүчү +47 градусту көрсөткөн сүрөттү активдүү бөлүшө башташты.







