2024-05-17
Токиодоги олимпиадалык мелдештер көрүүчүлөрсүз өтөт
23-июлда Япониянын баш калаасы Токио шаарында баштала турган олимпиадалык мелдештер көрүүчүлөрсүз өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Олимпиада иштери боюнча министри Тамаё Марукава билдирди.
Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан кыргызстандык аскер курман болду
Тажик чек арачыларынын Кыргызстандын чек ара кезметине куралдуу кол салуусунан КР УКМКнын Чек ара кызматынын жоокери – 1994-жылы туулган сержант Хуснидин Хожиев курман болду.
Кыргыз-тажик чек арасында аскерлер ортосунда ок атышуу орун алды
2021-жылдын 8-июлунда саат 17:00 чамасында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара мекемелеринин аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу орун алган. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирет.
Шайлоо штабы: Бишкектеги бардык шайлоо тилкелери даяр
Бишкек шаарынын мэриясында 2021-жылдын 11-июлунда боло турган Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоого даярдык көрүүдө Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясына жана Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Ташиев: Сооронбай Жээнбековго карата бир дагы кылмыш иши жок
Азыркы учурда Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбековго карата бир дагы кылмыш иши жок. Бул тууралуу брифингде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ташиев: Орхан Инандыны кыргыздын жараны менен салыштырбагыла
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев соңку күндөрдө орун алган окуялар боюнча суроолорго жооп берди. Ага Орхан Инандынын уурдалышы боюнча бир нече суроолор берилди.
Жапаров коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбооруна кол койду
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.