2025-05-18
Казакстандын президенти жана премьер-министринин телефон сүйлөшүүлөрү тыңшалып жүргөн

Уюшкан кылмыштуулуккка жана коррупцияга каршы күрөшүү борбору (OCCRP) Pegasus тыңчылык программасы менен Казакстанда уюлдук телефондору бузулуп, мыйзамсыз тыңшоого дуушар болгондордун тизмесин чыгарды.
Токиодогу олимпиада оюндарында Кыргызстандын желегин Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат

Токиодо 23-июлда, жайкы Олимп оюндарынын расмий ачылышында Кыргызстандын желегин ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат. Кыргызстандын курама тобунун капитаны болуп балбан Атабек Азисбеков дайындалган жана Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов желекти ага тапшырган. Бирок күрөш боюнча мелдештер 1-августтан тартып башталгандыктан, кыргызстандык балбандар Жапонияга 28-июлда жол тартат.
Токиодо Олимпиада оюндарынын алгачкы мелдештери башталды

Токиодо жайкы Олимпиада оюндарынын алкагындагы алгачкы мелдештер софтбол менен башталды. Шаршембиде Австралиянын жана Жапониянын аялдар командалары Фукусима стадионунда күч сынашты.
Акыркы суткада 1102 адамдан COVID-19 табылып, 9 бейтап көз жумду

Кыргызстанда 21-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 102 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг учурунда билдирди.
Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугат

Бүгүн, 21-июлда президент Садыр Жапаров Бишкектеги резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу жазды. Анда "Ишенимдүү булактарынын билдиришинче, анда өткөн аптада бир катар талаш-талкуу, сын-дооматтан улам добушка коюлбай калган "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзам долбоорго байланыштуу сөз болот. Жапаровдун басма сөз кызматы бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн жок" деп жазат.
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Бишкекте аскердик парад өтөт

Куралдуу күчтөрдө Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган парадка кызуу даярдык көрүлүүдө.
Пневмония болгондор өткөн жылга көрө 24%га көбөйдү

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин ыкчам маалыматтары боюнча, жалпы республика боюнча пневмония оорусуна чалдыгуулардын 16 миңден ашык учуру катталды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салшытырмалуу 24,3% га көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.