Бишкекте поезд аялды коюп кетти. Ал жеринде каза болду

Бишкекте жүк ташыган поезд 19 жаштагы кызды коюп кетти. Ал жеринде каза болду. Маалыматты Биринчи май ички иштер башкармалыгы тастыктады. Кырсык 19-июнь күнү болгон.
Курман айтты белгилөөнүн так күнү айтылды

Кыргызстанда Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. 19-июнь Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан, 27-июнда арапа күнү болот.
Кара-Кулжада алгачкы чакан ГЭС ишке берилди

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда алгачкы "Буйга-1" чакан ГЭСи ишке берилди. Кубаттуулугу 400 кВт болгон кичи ГЭСти райондун Чалма айыл аймагынын Буйга айылындагы Ак-Күнгөй суусунун нугуна “Энерджи Буйга” ЖЧКсы курду.
Айгүл Атабекова депутаттык мандат алды

"Билим азыгы" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү, журналист Айгүл Атабекова Ош шаардык кеңешинин депутаттык мандатын алды. Ал "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен келди.
Бишкекте футзал боюнча "Мурас" достук мелдеши жыйынтыкталды

Бүгүн, 28 майда, футбол боюнча «Мурас» аттуу мелдештин финалдык оюндары болуп өттү. Турнирдин көңүл жубатуучу финалында – 3-орун үчүн беттеште «Президенттин командасы» «Коопсуздук» командасын 7-3 эсеби менен жеңди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Футбол боюнча «Мурас» достук турниринин биринчи күнү аяктады

Бишкекте билим берүүнү реформалоого арналган тегерек стол болду
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери улуттук билим берүү моделине жетише элек. Бул тууралуу 23-май күнү Бишкекте өткөн билим берүү системасын реформалоого арналган тегерек столдо айтылды.






