Жаңыланган FIFA рейтинги. Кыргызстан бир позицияга төмөндөдү

Бүгүн FIFA уюму футбол боюнча улуттук курамалардын дүйнөлүк рейтингин жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан кабарлашты. Ага ылайык, Кыргызстандын улуттук курама командасы бир позицияга төмөндөдү — буга чейин 96-орунда болсо, эми 97чи баскычта (211 орундун ичинен).
Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү жана 95 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан уюштуруу комитети түзүлдү.
Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга чектөө киргизилет

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "КР аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” жана “КР укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.
Акылбек Жапаров: БААУ менен УИАнын кызматташтыгы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн үлгүсү

26-июнда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров катышты.
КР УИАнын Сейсмология институтунун жаңы имараты ачылды

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун (КР УИА) жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы болду. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Маалыматты министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Футзал боюнча Кыргызстандын U-14 Кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Футзал боюнча 14 жашка чейинкилер арасында (U-14) Кыргызстандын Кубогу болуп өттү. Футзал ассоциациясынан билдиришкендей, мелдеш Бишкекте 20-24-июнь күндөрү өтүп, ага 8 команда катышкан.
Руслан Акун жаңы тасма тарта баштады. Башкы ролдо Айтурган Темирова

Башкы ролду КРдин эл артисти Айтурган Темирова аткармай болду. Ал жаңы тасманын сценарийине жогору баа берди. Комедия жанрындагы фильм “Салам, Европа” деп аталат.






