2024-12-23
Кара-Кулжада алгачкы чакан ГЭС ишке берилди
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда алгачкы "Буйга-1" чакан ГЭСи ишке берилди. Кубаттуулугу 400 кВт болгон кичи ГЭСти райондун Чалма айыл аймагынын Буйга айылындагы Ак-Күнгөй суусунун нугуна “Энерджи Буйга” ЖЧКсы курду.
Айгүл Атабекова депутаттык мандат алды
"Билим азыгы" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү, журналист Айгүл Атабекова Ош шаардык кеңешинин депутаттык мандатын алды. Ал "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен келди.
Бишкекте футзал боюнча "Мурас" достук мелдеши жыйынтыкталды
Бүгүн, 28 майда, футбол боюнча «Мурас» аттуу мелдештин финалдык оюндары болуп өттү. Турнирдин көңүл жубатуучу финалында – 3-орун үчүн беттеште «Президенттин командасы» «Коопсуздук» командасын 7-3 эсеби менен жеңди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Футбол боюнча «Мурас» достук турниринин биринчи күнү аяктады
Бишкекте Президент Садыр Жапаров катышкан “Мурас” достук турнири старт алды. Бул тууралуу КРдин Президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкекте билим берүүнү реформалоого арналган тегерек стол болду
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери улуттук билим берүү моделине жетише элек. Бул тууралуу 23-май күнү Бишкекте өткөн билим берүү системасын реформалоого арналган тегерек столдо айтылды.
Мыйзамсыз иштегендер 11 млн сомдон ашык каражатты мамлекетке кайтарды
Бишкек шаардык прокуратурасы коррупцияга каршы аракеттенүү багытында 2022-жыл ичинде жалпысынан 386 текшерүү жүргүзүп, 682 мыйзам бузууну аныктаган. Анын жыйынтыгында 11 758 305 сом акча каражаты мамлекеттин эсебине акчалай түрдө кайтарылган.
"Бишкекжарыкта" 69 млн сомдон ашык жетишсиздик аныкталды
Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасында (МИ) текшерүү жүргүзүлүп, 2020-2022-жылдар аралыгында аталган ишканада 69 984 600 сомдук товардык-материалдык запастардын (ТМЗ) жетишсиздиги аныкталды.