2024-12-23
Коом
Ошто облустук милициянын жаңы имаратынын курулушу аяктап калды
Ош ОИИБинин жаңы имаратынын курулуш иштери аяктап калды. Аны башкармалыктын өздүк курамы ашар жолу менен тургузууда.
Жаңыдан курулуп жаткан көзөмөл өткөрмө жайы 8 бөлмөдөн турат. Биринчи кабатта жарандарды кабыл алуу, көзөмөл өткөрүү жайы жана ыкчам тергөө тобунун бөлмөлөрү уюштурулат. Ал эми 2-кабатта ардагерлер кеңешинин төрагасынын бөлмөсү, маалымат-технологиялар бөлүмүнүн маалымкаттары жайгашмакчы.
Имараттын курулушуна ардагерлердин салымы чоң, алардын колдоосу менен курулуштун пайдубалы түптөлгөн. Ал эми калган жумуштарга демөөрчүлөр жардам кылган. Мамлекеттин эсебинен каражат сарпталган эмес.