Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" көзөмөл өткөрүү бекети ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак району менен коңшу Өзбекстандын Андижан облусунун Ханабад шаары менен чектешкен "Бек-Абад" көзөмөл өткөрүү бекети ачылды. Аталган бекет 2009-жылдан бери жабык турга. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргызстандын аймагында TikTok тармагынын иши токтойт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын аймагында TikTok тармагынын ишин токтотуу чечимин кабыл алды. Чечим КР мыйзамдарынын алкагында андан ары ишке ашыруу үчүн өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлдү.
22 мугалим билим берүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн сыйланды

Кыргызстанда 22 мугалим билим берүү тармагына кошкон өзгөчө салымы үчүн сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Жумгалдагы сел. Үйлөрүн камсыздандыргандарга 1,1 млн сом берилди

Жумгал районунда үйлөрүн камсыздандыруудан өткөргөндөргө 1,1 млн сом берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы грузин тилине которулду

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесинин алдында Кыргызстандын Грузиядагы элчилигинин демилгеси жана Ардактуу консулдарынын колдоосу менен жазуучунун чыгармалары грузин тилине которулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Азербайжан жана Грузиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Балдар арасында онкологиялык оорулардын көбөйүшүнүн себеби айтылды

КРдин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков "Кабар" агенттигине балдар арасында онкологиялык оорулардын көбөйүшүнүн себебин түшүндүрдү.
Айтурган Темирова тасмадагы жаңы ролу тууралуу маек берди

КРдин эл артисти Айтурган Темирова чыгармачылыгындагы 25 жылдык тыныгуудан кийин кайрадан тасмада роль жаратты. Белгилүү режиссер Руслан Акун тарткан “Салам, Европа” деп аталган комедия жанрындагы фильмде башкы ролду ойногон Темирова тасманын сценарийине жана режиссердун ишмердүүлүгүнө жогору баа берди. Актриса тасманын тартым жараяны, таасирлери тууралуу “Kereez media” редакциясына маек курду.






