"Салам, Европа" тасмасынын премьерасы ноябрь айына белгиленди

Белгилүү режиссер Руслан Акундун "Салам, Европа" тасмасынын премьерасы ноябрь айында Кыргызстанда жана Казакстанда болот. Башкы ролду КРдин эл артисти Айтурган Темирова ойногон. Фильм комедия жанрында. Бул Европада жашаган небересине автостоп менен барган чоң эне менен чоң ата жөнүндөгү тасма. Алар жолдо көп окуяларга туш болушат. Күлкүлүү окуялар ортосунда чоң эне менен чоң атанын небересине берген таалим-тарбиясы баяндалат.
Кыргыз тилин түшүнгөн жасалма интеллект иштелип чыкты

Кыргызстанда кыргыз тилин түшүнгөн жасалма интеллект иштелип чыкты. Долбоордун максаты - жасалма интеллекттин жардамы менен санариптик чөйрөдө кыргыз тилин өнүктүрүү. Ар бир жаран шилтеме аркылуу өтүп, beta версиясын тестирлеп көрсө болот.
Ысык-Көлдөн 142 күндө 13 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 142 күндүн ичинде 13 тонна 561 кг таштанды жана 98 миң 450 метр балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Равшанбек Рысбаев ант берди

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Ош облусунун Араван районундагы Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Рысбаев Равшанбек Рысбаевич ант берди. Эскерте кетсек, ал мурдагы депутат Өмүрбек Бакировдун ордуна келди.
Бишкектеги ар бир мектеп директорунун ишине баа берилет

Бишкектеги ар бир мектеп директорунун иши изилденип, баа берилет. Мындай тапшырманы калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров райондук билим берүү борборлорунун жетекчилерине берди.
Жалал-Абадда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. КРдин Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 5-сентябрда саат 00:12де катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.
Орус-украин согушуна Борбор Азиянын жарандарын тартуу - олуттуу маселе

Кремлдин Украинадагы атайын аскердик операциясы күтүлгөн максатына жетпей калганы ачыкка чыга баштады. Узакка созулуп жаткан согуш Путинди фронтко көбүрөөк аскер жиберүүгө, аларды толуктоо үчүн мүмкүн болгон бардык ыкмаларды колдонууга мажбур кылууда.






