2024-12-23
Мелис Сатыбеков: Геология - экономиканын маанилүү элементи
КРдин Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси Мелис Бакытович Сатыбековдун аткарган иши так болгондуктан, коомчулукта жылуу пикирлер айтылып жүрөт. Кыргызстандын алдыңкы жана жогорку квалификациялуу геологдорунун бири. Кесиптик эмгек жолун экспедицияда геолог болуп баштаган. Анын аткарган ишинин көлөмү - чоң билимге ээ экендигин тастыктап турат. Билимин, тажрыйбасын, ишмердүүлүгүн геология тармагын өнүктүрүүгө багыттап активдүү илимий жана уюштуруу иштерин жүргүзүп келет .Ал геологиялык кызматтагы кыска мөөнөттүү жетекчилиги астында бир катар олуттуу чечимдерди кабыл алып, тармактын ишин илгерилетүүгө. конкреттүү сунуштарды ишке ашырды. Өз ишинин профессионалы, Кыргызстандын гана эмес, чет өлкөлөрдө да геологдордун урмат-сыйына ээ.
Чынара Мамажакыпова: Элиме мурас калтыргым келет
Кыргызда илгертен мамлекеттин, коомдун жүгүн аял менен эркек бирдей көтөрүп келген. Азыр да ошондой. Өлкөнүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө бел байлап, элге эмгек өткөрүүгө далалат кылып жүргөн айымдардын бири – Чынара Мамажакыпова. Ишкер айым менен анын ишмердүүлүгү, эмгек жолу, жасаган иши, максаттары жана үй-бүлөсү тууралуу сүйлөштүк.
ИИМ мыйзам кабыл алууда коомчулуктун пикирин эске алды
Ички иштер министрлиги демилгелеген “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоору мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, медиа эксперттер менен талкууланды. Буга чейин аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга жарыяланган.
АУЦА приглашает компании принять участие в тендере на поставку интернет-подключения
Американский Университет в Центральной Азии приглашает компании принять участие в тендере на поставку интернет-подключения.
АУЦА: тендер на строительство административного здания Института сейсмологии
АУЦА объявляет запрос на выражение заинтересованности по проекту «Строительство Административного здания Института сейсмологии на отведенной территории по ул. Токомбаева, 7/8».
Кыргызстанда дүйнөлүк онлайн сатуу системасы ишке кирди
Кыргызстанда дүйнөлүк онлайн сатуу боюнча система ишке кирди. Бул тууралуу коомдук ишмер, ишкер айым Чынара Мамажакыпова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында билдирген. Маалыматка ылайык, аталган тутум 5 мамлекеттин 8 шаарына сунушталып, иштеп баштады. Мындан башка өлкөлөргө да сунуштар жиберилген.
OGOGO GROUP - IT-ХОЛДИНГ КЕҢЕЙҮҮДӨ
“OGOGO Group” холдинги “Огого Такси”, “Огого Академия”, “Огого Софт”, “Demaloo” туризм маркетплейси жана IT өнүктүрүү фонду соода маркаларынын ээси эсептелет. Компаниянын негиздөөчүсү - Ахрор Иминов.