AUCA the best 2

2025-12-14

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

"Заманбап" фестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланды

2023-жылдын 3-апрель күнү Ош облусунун Ички иштер башкармалыгы Баткен облусунда «SAFEWORLD» жана эл аралык толеранттуулук фонду өткөргөн  "Заманбап" аталышындагы фестивалга Ош облусунун атынан барып катышкан таланттуу окуучуларды жана аларды окутуп, даярдаган мугалимдерди баалуу белектер менен сыйлады. 

Иш-чара өспүрүмдөрдү коомдук иштерге активдүү катышууга үндөө максатында өттү. Жаштардын бүгүнкү күнүнө жана келечегине улуу муундан үмүт арттырып, өлкө келечеги үчүн жоопкерчиликтүү мамиле жасоого багыт берүү болуп саналат. Башкармалыктын начальниги, милициянын полковниги Ж.Жоробеков аталган фестивалда өз өнөрлөрүн тартуулоо менен көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, алкышка арзыган окуучуларды жетишкендиктери менен куттуктады. Ал бул ийгиликтерде мугалимдердин эмгегин жогору баалады. 

"Мугалим -  бул кесиптердин сереси,
Мугалим - бул кесиптердин төрөсү.
Мугалимдер сыйкырдуу бир дарактай,
Жайдыр-кыштыр бышып турган мөмөсү", - дегендей, урматтуу мугалимдер жаштарга билим берүү, туура жол көрсөтүүдөгү жооптуу жана түйшүктүү кызматыңыздарда сиздер жалгыз эмессиздер. Беш манжа бөлөк, билек бир. Баарыбыз башка, тилек бир дегендей, педагогдор, укук коргоо органдары жана коомчулук жаштарга татыктуу билим, тарбия жана туура багыт берүү аркылуу мамлекетке ак ниет менен кызмат кылуучу, элдин керегине жараган, келечекке жоопкерчиликтүү көз караш менен караган мекенчил жаштарды тарбиялоо - жалпыбыздын милдетибиз", - деди Жоробеков. 


Өз кезегинде сыйлык ээси болгон Ноокат районундагы М.Нурматов атындагы орто мектебинин мугалими Гүлшаир Абилова жаштарды коомдук иштерге  тартуу өтө зарыл экендигин, иш-чараларга катышуу менен жаштар терс адаттардан оолак болуп, өмүр жолунда туура жолун тандап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтып өттү. Ал эми Кара-Суу районундагы №46 С.Маматов атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Муслима Алимова: "Акыркы убактарда жаштарды туура жолго багыттоодо уюштурулуп жаткан иш-чараларга активдүү катышуу менен милициянын аткарып жаткан жумуштарын баалап, алардын аракетинде чыныгы камкордукту сезип, сый-урматка бөлөнгөн жылуу сезимдер пайда болду", - деди.

 

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2