AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Транспорт министрлигине 84 даана жаңы атайын техникалар тапшырылды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 84 даана жаңы атайын техникалар тапшырылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты, деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Техникаларды салтанаттуу тапшыруу аземинде Бакыт Төрөбаев мамлекет башчынын тапшырмасы менен министрлер кабинети жол тармагын өнүктүрүү, материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана жакшыртуу максатында тиешелүү министрликке техникаларды алуу үчүн республикалык бюджеттен тийиштүү каражат бөлүнгөнүн билдирди.

“Мындай техниканын ишке кириши биздин жолдорду, инфраструктураны жакшыртууга жана коопсуздукту жогорулатууга зор мүмкүнчүлүктөрдү берет. Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн ушул техниканы натыйжалуу колдонууну жана ага аяр мамиле жасоо аркылуу туура иштешин камсыз кылуу зарыл”, - деди Төрөбаев.

Ар бир чакырым жол – адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын белгилеген Бакыт Төрөбаев быйылкы жылы жол тармагында аткарыла турган айрым иштерди кошумчалады.

“Жол тармагынын динамикалуу өнүгүшүнө өзгөчө колдоо көрсөтүлүүдө. Ушул жылы тармактык долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттен 6 млрд сомдон ашуун кражат каралды. Жылдын аягына чейин республика боюнча 855 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландаштырылган, алар 587 чакырым – асфальт төшөө, 178 чакырым – жолду бодурлоо (ШПО) жана 90 чакырым – шагыл иштери жүргүзүлөт”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жол тармагына 669 даана техника сатып алынат. Анын ичинен бүгүн алгачкы 84 даана техника алынып келинди, жакынкы убакытта дагы калган техникалар алынып келинет.

Алар: заманбап автосамосвалдар, автогрейдерлер, автомиксерлер, суу ташуучу транспорттор, сүргүчтөр (тягачтар), битум ташуучу техникалар, бульдозерлер, погрузчиктер, экскаваторлор, тралдар, бензовоздор, асфальт төшөө жана башка техникалар.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2