2025-01-13
Улуттук банктагы алтын запасынын баасы айтылды
Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын запасынын баасы 1-ноябрга карата дээрлик 48,2 миллиард сомду түзгөнү тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылды.
"Балдар Евровидениеси - 2019" ыр сынагын польшалык ырчы кыз жеңип алды
Польшалык ырчы кыз Виктория Габор «Балдар Евровидениеси - 2019» ыр сынагында жеңүүчү аталды.
Габор “Супергерой” чыгармасы үчүн 278 упай топтой алды. Ал эми орусиялык Денберела Ооржака жана Татьяна Меженцеванын дуэти 72 упай менен 13-орунду ээлешти.
Victoriaʼs Secret 25 жылдан бери биринчи жолу көргөзмөсүн токтотту
Victoriaʼs Secret чейрек кылымдан бери биринчи жолу жыл сайын өтүүчү Victoriaʼs Secret Fashion Show көргөзмөсүн токтотту. Компания жетекчилиги 3 жылдан бери жакшы киреше болбой жатканын билдирди.
Пикассонун эмгеги 6,9 млн долларга сатылды
Пабло Пикассонун «Шляпачан аял» сүрөтү Торонтодогу Heffel Fine Art Auction House аукционунда 6,9 млн долларга сатылды. Картина 1941-жылы май боёк менен тартылган. Анда Пикассонун сүйгөнү жана музасы – Дора Маардын элеси түшүрүлгөн. Лот баянында бул сүрөт Европа коллекциясынан экендиги жана 1956-жылы Нью-Йоркто өткөн “Кутц” галереясында көргөзмөгө коюлганы жазылган. Аукциондогу башкы баасы 6 – 7,5 млн долларды түзгөн.
Пикассонун полотного тарткан сүрөттөрү дүйнөдөгү эң кымбат эмгектердин катарына кирет. 1932-жылы тартылган “Жылаңач, жашыл жалбырактар жана бюст” картинасы Christie's үйүндө уюштурулган аукциондо 2010-жылы 106 млн долларга сатылган эле. Пикассонун эң кымбат сатылган картинасы 1955-жылы тартылган “Алжир аялдары” 179,4 млн долларга бааланган
“Аврора” тасмасы Индонезияда көрсөтүлүп жатат
Кыргызстандык режиссёр Бекзат Пирматовдун "Аврора" тасмасы Индонезиянын Джокьякарта шаарында өтүп жаткан Азия киносунун XIV эл аралык фестивалында көрсөтүлүүдө.
Аялдар ишкердигинин бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленди
Бишкекте Аялдар ишкердигинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата эл аралык конференция өттү. Иш-чара быйыл бешинчи ирет өтүп жатат.
Сабырбек Жумабеков Орусия илимдер академиясынын мүчөсү болду
Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башчысы Сабырбек Жумабеков Орусиянын илимдер академиясынын мүчөсү болду.