AUCA the best 2

2025-12-08

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

Отставкадагы аскер кызматкерлери үчүн англис тили курстары жабылды

2020-жылдын 21-январында Борбордук Азиядагы Америка университетинин Инновациялык колледжинде “Туризмдеги англис тили жана менеджмент” программасынын жабылышы болду. Программа аскер кызматкерлерин жарандык жашоого көндүрүүгө багытталган эле.

Аталган курс отставкадагы аскер кызматкерлери үчүн англис тилин үйрөнүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзгөн. Кыска мөөнөттүү окууну аяктагандарга маалыматтык жана кеңеш берүү жагынан колдоо көрсөтүлүп, жумушка орноштуруу да каралган.

2011-жылдан баштап, БААУнун кошумча билим берүү борбору 47 тайпаны уядан учурду. Алар НАТО-Кыргызстан программасынын алкагында түрдүү багыт боюнча кошумча билим алышты. Бул жылдар аралыгында программа Бишкекте эле эмес, Ош, Каракол, Жалал-Абад жана Нарында да окутулду.

Кошумча билим берүү борбору быйылкы күз-кыш айларында Ош шаарындагы отставкадагы аскер кызматкерлерине англис тил курстарын өттү.

Аталган программанын жабылыш аземине аскер кызматкерлеринен сырткары, БААУнун, Башкы штабдын жана аскердик мекемелердин өкүлдөрү катышты.

БААУнун кошумча билим берүү борбору 2007-жылдан бери иштеп келет. Негизги багыттары: тил, компьютердик, коммуникативдик жана бизнес окууларын уюштуруу.

Кошумча маалымат: www.leader.auca.kg

Бардык суроолор боюнча БААУнун кошумча билим берүү борборуна кайрылууга болот.

Дареги: А. Токомбаев көч. 7/6 (болжол: Асанбай кичи району), 209 кабинет

Тел: +996 312 91 50 22

Email: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2