2024-12-29
Чехиянын улуттук авиакомпаниясы банкрот деп табылды
Прага соту Чехиянын Czech Airlines улуттук авиакомпаниясын банкрот деп тапты. Мындай өтүнүч менен коронавирус пандемиясынан улам абалы оорлошуп кеткен авиакомпания сотко өзү кайрылган.
Каратэ-до боюнча кыргыз спортчулары лицензиялык мелдешке катышат
Каратэ-до боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Түркияда өтө турчу Karate 1- Primer Legue эл аралык лицензиялык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Кыргызстан менен Өзбекстан 50 млн долларлык инвестфонд түзүшөт
Кыргызстан менен Өзбекстан баштапкы капиталы 50 млн долларды түзгөн биргелешкен инвестициялык фонд түзүшөт, аны келечекте 200 млн долларга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын вице-премьер-министри, экономика жана финансы министри Улукбек Карымшаков жана Өзбекстандын вице-премьери, инвестиция жана тышкы соода министри Сардорбек Умурзаков билдирди.
Жапаров жана Мирзиёев 20дан ашуун документке кол коюшту
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-өзбек биргилишкен кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Жапаров жана Мирзиёев Биргелешкен билдирүү кабыл алышты
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 11-мартта, Ташкент шаарындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Жапаров менен Мирзиёев кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери расмий жолукту
Бүгүн, 11-мартта, Ташкент шаарынын «Куксарой» резиденциясында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.