AUCA the best 2

2024-03-29

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

ИСЛАМДА НООРУЗ: ЖАҢЫЛЫШТЫКТАР ЖАНА ТАКТЫКТАР

Нооруз жакындаганда эле коомдогу ача пикирлер күчөп, эл арасында жаатташуу башталат. Мунун себеби, 5-6 жыл илгери айтылган «ким Ноорузду майрамдаса динден чыгат» деген маанидеги сөз экени бышык. Бул темага кайрылуумдун себеби, момун-мусулмандарга так маалымат жеткирүү болуп саналат. Андан сырткары эч бир максат же кызыкчылык жок. Ушул макаладан кийин биздин дарекке жагымсыз кеп-сөздөр айтылып, баштан ылдый жугунду төгүлөрүн сезип турабыз.

5c9354285362f032314465_1.jpg

Негизинен «сен балан ажынын жанында кимсиң?», «түкүн ажыга каршы чыксаң ыймандан ажырайсың» деген өңдүү тайыз түшүнүк, тайкы көз караш үстөмдүк кылары белгилүү. Адамдарды эмес идеяларды, кишинин аптарыйкатын эмес, ортого ташталган ой-пикирдин акыйкатын (же тактык даражасын), эмоция менен айтылган сөздү эмес, далилдерге негизделген тыянакты салыштырууга качан көнөр экенбиз, аны билбейм. Нооруз маселесинде биз эмес, башкасы да эмес, оболу усул сүйлөшү керек. Ишенимдик маселелерди усулдун негизинде карабасак, чоң адашууга кириптер болушубуз кеп эмес.

Каалайыкка дин айткан молдолор биринчи кезекте усул боюнча уста болушу шарт. Өзгөчө акыйда (ишеним негизи) маселелерин ийне-жибине чейин так, жат билиши зарыл. Болбосо болбойт. Ар кандай проблемалар акыйдавий маалыматсыздыктан келип чыгып жатат. Өткөндө YouTube платформасында сабак кылып жаткан кайсы бир таасирлүү диний төбөл эң элементардуу акыйда маселесинен жаңылып, диний жааттагы тынчсызданууну толкуткан эле. Кечээ жакында дагы бир таасирдүү молдоке оозу-мурду кыйшайбай, «баланы сага, сени Аллага тапшырдым» деген ширк» деп балп этсе болобу. Бул жакта туруп «астагфирулла» деп жакамды кармадым. Кээ бир адамдар акыйда маселесин оюнчук кылып алгандай сезилет. Нооруз болобу, «Аялдардын эл аралык күнү» болобу, «День Валентин» болобу, ушул сымак майрамдарга акыйдавий түс берүү – барып турган маалыматсыздык. Маалыматсыздык дебей не дейин. Бул айтыла турган сындын эң жеңили, бериле турган сындын эң адептүүсү чыгар. Антейин десең тонналап китеп окуган, дин илимин чемичкедей чачкан, эгемен кыргыз тарыхынын беделдүү матуриди аалымы ыраматылык Чубак ажынын «Ноорузду майрамдоо – динден чыгарат» дегенине алигүнчө таң калып бүтө элекмин. Кай бир чакан мечиттеги сукпаты же суроо-жооптордогу импровизациялык жообу болсо унчукмак эмесмин. Ырасында күтүүсүз суроолор берилгенде биздин деле алдастап калмайыбыз бар. Бирок, ажыкебиз бир айтып койбой, эки айтып койбой, ал аз келгенсип макала да жарыялап жиберген болчу.

  Исламда Нооруз маселесин талкулоодон мурда жалпы эле майрамдарга карата өз көз карашымды билдире кетүүм максатка ылайык болор. Жеке мен майрамдарга каршы кишимин. Эки диний, эки мамлекеттик майрамдан башкасына өтө деле жылуу карабайм. Диний майрам дегеним Орозо айт жана Курман айт болсо, мамлекеттик маанилүү эки дата – Эгемендик күн жана Ата мекенди коргоо күнү. Ата мекенди коргоо күнүн 23-февраль эмес, 29-май – КРнын Куралдуу күчтөр күнүнө жылдырып белгилеш керек, эски доордогу датада дуулдабай.

Майрам демекчи, эки күндүн биринде эле сайрандап, тайраңдап, чартаңбай тээп кеткен болбойт. Жыргап-куунап эле жүрө берсек ишти ким кылат? Ким туруктуу эмгектенип, ким өндүрүшкө салым кошот да, ким экономиканы көтөрөт? Өзгөчө мамлекеттик кызматкерлер негизги даталардын сыртында иш жүргүзө бериши керек деген пикирдемин. Бирок майрамдарга каршы чыгууну курч маанайга айлантуу туура эмес. Өзгөчө акыйда маселесине аралаштырып, кайсы бир мусулман тигил же бул майрамды куттуктаса же куттуктаган адамга «ыракмат» деп койсо эле динден автоматтык түрдө чыгып кетет деген болбойт. Адамды динден чыгара турган маселелер белгилүү. Ислам дининде кишини динден чыгаруучу эң негизги нерселер – Алланы жокко чыгаруу же ага шерик кошуу болуп саналат. О. э. ыймандын алты (жети) парзына ишенбей же исламдын беш түркүгү баш болгон парздардын бирин шылдыңдап же жокко чыгарса да динден чыгары белгилүү. Буга Куран аяттарын жана ачык-айкын өкүмдөрдү жокко чыгаруу, шылдыңдоо, мазактоо да кошулат. Бирок бул тизмеге Нооруз, жаңы жыл сыяктуу майрамдарды кошуу абсолюттуу түрдө туура эмес.

Демек, Нооруз маселеси боюнча коомчулукка так маалымат жеткирүү учур талабы. Өткөн жылдардагы Ноорузга байланыштуу чыккан чыр-чатак бизге сабак болууга тийиш. Ошондой эле кайсы бир адам тарабынан айтылган пикир дин катары калыптанып калбашы керек. Чынында эле Нооруз ошончолук коркунучтуу майрамбы? Ал адамды динден чыгарып жибергидей деңгээлдеги опурталдуу жөрөлгөбү? Ширкпи, каапырлыкпы? Же арамбы? Кимдир бирөө Ноорузду шарият нормаларынын чегинен чыкпай майрамдаса эмне болот? Жалаң адал азык-түлүктөн жасалган сүмөлөктү «тарс» эле арамга чыгарып салуу чоң жаңылыштык болуп жүрбөсүн. А  ширк же куфр деп баа берүүчү? Матуриди акыйдасын карманган адамдар тамак-аштан ширк же каапырлык издесе кандай болот? Же адамзат аң-сезиминин өнүгүүсү жогорку чегине жеткен XXI кылымда мусулман баласы Ноорузду майрамдоо менен опоңой отко сыйынып, түздөн-түз сүмөлөктөн (би затихи) тилек кылып алышы мүмкүнбү?

Ширк менен куфурлукту айттык. А арамчы? Кайсы бир пенде түшүнбөстүк же жалкоолук себептүү Курандагы аткар дегенди аткарбай, кылба дегенди кылса, күнөөкөр (фасык) эсептелип, бирок динден чыкпайт. Мисалы, Куранда арак ичүүгө ачык тыюу салынат. Кимдир-бирөө арак ичип алса арам иш кылган болот, бирок каапыр болбойт. Анан эле Ноорузду майрамдай койсо кантип динден чыгып кетсин? Опоңой чыгып кеткидей, боз үйдүн кийиз эшиги эмес го акыры. Дегеле Ноорузга диний жана акыйдавий түс берүү канчалык негиздүү? Тилекке каршы, Нооруз баш болгон исламий эмес майрамдарга ушундай түс берилип жатат...

Ноорузга мындай мамиленин жасалышын хадистерге байланыштырышат. Хадистерди терең түшүнүп, кабыл алуу же четке кагууга багытталган риваят жана текстти изилдеген өзүнчө илим (мусталахул-хадис) бар. Бул илимде хадистин ынанымдуулугу (сахихтиги) изилденет. Хадистер Курандан кийинки эле булак. Хадистер топтомунда «алты китепке» (кутубу-ситта) басым жасалат. Анын ичинде Бухари менен Муслимдин (сахихайн) китеби биринчи даражадагы хадистер жыйнагы катары каралат. Сахихайн жыйнагында Нооруздун өкүмү боюнча маалымат жок. Бирок, Ахмад бин Ханбалдын «Муснадында» кездешет. Аталган хадисти рабаят кылгандар ишенимдүү кишилер жана бири-бири менен тарыхый байланыштары бар. Демек, риваят жагын ишенимдүү (сахих) деп баалоого болот. Бирок, текстинде (матин) маселе бар. Аны кийинчерээк сөз кылабыз.

Жогорку хадистин бири-биринен бир аз гана айырмаланган бир нече версиясы бар. Эң белгилүүсү төмөнкү хадис:

قَدِمَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ الْمَدِينَةَ وَلَهُمْ يَوْمَانِ يَلْعَبُونَ فِيهِمَا، فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: مَا هَذَانِ الْيَوْمَانِ؟قَالُوا: كُنَّا نَلْعَبُ فِيهِمَا فِي الْجَاهِلِيَّةِ، قَالَ: " إِنَّ اللهَ قَدْ أَبْدَلَكُمْ بِهِمَا خَيْرًا مِنْهُمَا: يَوْمَ الْفِطْرِ، وَيَوْمَ النَّحْرِ"

Мааниси:

Алланын Элчиси (с.а.в.) Мединага келгенде алардын көңүл ачуучу эки күнү бар эле. Расулалла (с.а.в.):

  • Бул күндөр кандай күн? – деп сурады. Алар:
  • Биз караңгылык доордо бул күндөрү көңүл ачат элек – дешти. Ал (с.а.в.) мындай деди:
  • Алла Таала силерге ошол эки күндүн ордуна дагы да жакшыраак болгон эки майрамга: Курман айт менен Орозо айтка алмаштырды».

Хадисте Нооруз боюнча ачык сөз жок. Болгону «яумаани» (эки күн) деп берилген. Ошол «эки күндүн» бири азыркы Нооруз деп айтуу канчалык туура? Бул өзүнчө маселе...

Баарыбыз билгендей, ахли сүннөт шариятында төрт мазхаб бар. Биз, кыргызстандык мусулмандар, негизинен ханафи мазхабын карманабыз. Ханафи мазхабы кыргыз элинин жашоо шартына туура келген жол. Мазхаб аалымдарынын да өзүнчө даражалары бар. Мисалы, алдыңкы 10 ханафи аалымы ж.б. категорияларда каралат. Жогорудагы «яумаани» сөзүн Нооруз жана Михрижан деп чечмелеген аалымдардын эмгектери канчалык беделдүү (муътабар), бул өзүнчө маселе. Бул ошол аалымдардын ар бир фатвасын жантыгыбыздан жата калып, баса калып аткарышыбыз шарт дегенди туюндурбашы мүмкүн. Эгерде Нооруз биздин айрым дин адамдары чочулагандай коркунучтуу болсо, мазхабдын улуу имамдары кандайча көрбөй же билбей калды деген суроо жаралат. Ушуну да тыкыр изилдеп чыгуу зарыл.

Бул го мейли. Көп кылымдар бою Ноорузду майрамдоонун «каапырлык» экенин эмнеге кечээги күндөргө чейин эч ким билбей, туйбай калды? Мусулмандардын ыйман маселесине байланыштуу өкүмдү эч кимдин байкабай калганы кызык... Же баары суу жүрөк болуп, талкан сугунуп алган беле? Мындан да кызыгы, Бедиуззаман Саид Нурси Ноорузга чоң маани бергенин (майрамдаганын) кайда катабыз? (Караңыз: Son Şâhitler, I). Өткөн кылымдын күчтүү аалымдарынын бири саналган Саид Нурси өтө «опурталдуу» майрамды кантип билбей калды? Да бир кызык маселе, «Наврузнаме» кандай болуп калат?

Ноорузду «динден чыгарат» дегендер жөн салды кишилер эмес, албетте. Таянар далилдери бар. Катаал өкүм берүүгө негиз болгон жагдайларга да кайрылып көрөлү. Негизинен орто кылымдагы кээ бир аалымдар Ноорузга каршы фатва беришкен. Алсак, Абу Хафс аль-Кабир ал-Ханафи, аль-Кады Абул-Махасин аль-Хасан бин Мансур аль-Ханафи, Ибн аль-Баззаз сыяктуу авторлордун пикиринде кайридин динин жана майрамын улуулоо (таъзим) ниетинде майрамдоо же куттуктоо – каапырлык. Али аль-Кары, Тиби, Байхаки сыяктуу аалымдардын көз карашында Нооруз жана Михрижанды майрамдоо четке кагылган. Ал эми, аль-Камаль бин аль-Хумам ушул күнү орозо кармоону макүрөө деген. Аль-Фатава аль-Хиндиййа, аль-Ханиййа, аль-Кухустани сыяктуу эмгектерде да Нооруз жана Михрижан күндөрү (атайын) орозо тутуу, белгилөө, майрамдоо макүрөө деп белгиленген (А. Аbduganiev, Nevruzla İlişkilendirilen Hadisin Tahlil ve Tahrici// 5.Uluslararası Öğrencilik Sempozyumu Bildiriler Kitabı). Демек, Ибн аль-Баззаз, аль-Кары сыяктуу эки-үч ханафи авторунун жазганын ыспырапке кылып алуу жетиштүү болбойт. Биздин мазхабда жүздөгөн аалымдар бар. Ушул сыяктуу талаштуу маселелерде көпчүлүк аалымды (жумхур-и улама) ээрчиген туура.      

Дагы бир эске алчу маселе; Нооруз майрамынын келип чыгышы боюнча ар кыл варианттар бар. Аны бир гана отпарастык менен чектөө туура эмес. Негизинен перс тектүү деп боолгонгону менен түрдүү коомдор Ноорузга окшогон жаз майрамын майрамдашкан. Бирок учурда эч бир диний мааниси калган эмес. Маданий жөрөлгө катары кабыл алынат. Же кайсы бир мусулман Ноорузду майрамдап койсо эле отко табынып кетип, мажусийге айланып калабы? Же болбосо Авестага ынанып, Ахура-маздага сыйынып кетеби? Азыр аң-сезим такыр башка. Болор-болбос маселеден ширк же куфр издөө ислам табиятына, өзгөчө матуридилик методологиясына жатпайт. Демек Нооруз маселесин катаалдаштырбаганыбыз оң. Буга байланыштуу бир нече жагдайларга токтололу:

Биринчи жагдай: Эптеп эле каапырлыкка чыгаруу ислам рухуна жалгашпаган маселе. Динибиздин табиятында, балким ыйманга чакыруу негизги орунда турат. Яхя бин Муъаз айткандай, «Көз ирмемдик ыйман жетимиш жылдык каапырлыктын таш-талканын чыгарат. Анан кандайча жетимиш жылдык ыйман көз ирмемдик күнөө себептүү жайрап калсын?»

Экинчи жагдай: Эң негизги ислам булагы эсептелген Куран-и Каримде Нооруз тууралуу эч кандай маалымат, өкүм-буйрук  жок. Башка майрамдарга тыюу салуу боюнча да аят түшкөн эмес. Аныгында маселени чечүүгө ушунун өзү эле  жетиштүү аргумент боло алмак. Анын үстүнө мутаватир хадис да жок.

Үчүнчү жагдай: Ноорузга байланыштырылган хадистерде так өкүм, ачык буйрук жок. Сунуш кылуу, насаат бар. Тагыраагы, текстте (матн) «дагы да жакшыраак майрам» деген сөз (лафз) колдонулган.

Төртүнчү жагдай: Тексттеги «эки күндүн» бири Нооруз деп кийинки аалымдар тарабынан ачыкталган/ шархталган жана фатва чыгарылган. Мындай фатва чыгарууга түрткү болгон Нооруз менен азыркы Нооруз бир эмес деп айтууга негиз бар. Мында бүгүнкү күндөгү Нооруздун өзгөрүүгө учурап, диний маанисин жоготкону назарга тутулууда. Кээ бир аалымдар Нооруздун төрт түрү болорун (карапайым адамдардын Ноорузу, дыйкандардын Ноорузу, падышалар Ноорузу жана отпарастардын Ноорузу), биздегисин «дыйкандардын ноорузу» деп белгилешет.

Бешинчи жагдай: Ноорузга байланыштуу кабардын (хадистин) жалгыз риваятчысы Анас бин Малик (р.а.). Башка булактарда кайра эле Ахмад бин Ханбал аркылуу риваят кылынган.

Алтынчы жагдай: Ноорузга каршы фатва берүү негизинен кийинки аалымдардын чечими (ижтихад) болуп саналат. Анын негизги себеби, ислам принцибин сактоо десек болгудай. Динибизде ар кайсы религиянын ритуалдарын аткаруу жактырылбайт. Демек, кээ бир аалымдардын исламий эмес майрамга каршы чыгууларын табигый көрүнүш же шарттуу «диний рефлекс» катары баалоого болот.

Жетинчи жагдай: Замандын өтүшү менен аң-сезим, түшүнүк өзгөрдү. Биздин күндөрдөгү Нооруз отпарас же бутпарастардын эмес, жайкын элдин культуралык майрамы катары жашап келет. Динибиздин ислам негиздерине карама-каршы келбеген үрп-адаттарга болгон мамилеси өтө жакшы экенин эстен чыгарбоо зарыл.

Ушул жерден кубаттуу болбогон, бирок маанилүү эсептелген төмөнкү маалыматты айта кетүү орундуу болор. Маалыматтарга караганда, Аз. Алиге (башка рабаяттарда Аз. Умарга) таттуу тамак түрү (халва) тартуу кылынат. Ал мунун эмне экенин сураганда Нооруз үчүн берилгенин айтышат. Ошондо Аз. Али, «ар күнү Нооруз кылгыла» (نورزون كل يوم) деп айткан жайы бар (Захаби, Сийару аъламун-Нубала). Эгерде Нооруз динден чыгарып ийчү касиетке ээ болгондо, жогорку аты куттуу сахаба сөзсүз каршылык билдирмек.

Ноорузга каршы тараптардын дагы бир жүйөөсү пайгамбарыбыздын (с.а.в.): «Ким кайсы бир коомго окшосо, ал ошол коомдон», – деген маанидеги хадиси болуп саналат. Бул хадисти ар кайсы жерге сүйрөп барып чаптай берүү жарабайт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) качан, кайда, эмне максатта ушул хадисти айтканын анык билмейин, түздөн-түз байланышы жок маселелерге колдонуу жарабай калышы мүмкүн. Демек, диний маңызы жок майрамдарды динден чыгарат деп так кесе айтууга болбойт. Катуу барса макүрөө болушу мүмкүн, бирок андан оор өкүм ыйгаруу усулга туура келбейт.

Буга карабай, майрамдарга карата ашкере курч пикирлер айтылып-жазылып жатат. Ага эмнелер себеп болушу мүмкүн? Биздин баамыбызда бул маселеге төмөнкү жагдайлар таасир этиши ыктымал:

I) Дин абдан назик институт, кылдат маселе. Аны үйрөнүп жана үйрөтүп жатканда абдан олуттуу мамиле жасап, дыкат болуу зарыл. Чар-жайыт, ыраатсыз үйрөнүү түшүнбөстүктөргө жол ачат.

II) Мындай пикирди негизинен салафий көз караштагы өлкө(лөр)дөн, тагыраагы салафиттик школалардан окуп келгендер жана алардын тарапташтары айтып отурат. Алар кааласа да, каалабаса да салафизмден таасирленген болушу мүмкүн. Ал эми, салафийлик көз карашынын тар экени жалпыга белгилүү.

III) Сауд Аравия менен Ирандын ортосунда атаандашуу, саясий жана идеологиялык тирешүү бар. Сауд Аравияга байланышы барлар перс тектүү баалуулуктарга караманча-каршы чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Адам – адашуучу. Ар бир пенде жаңылып-жазышы мүмкүн. Бирок, катачылыктар оңдолуп, ийрилер түзөлүшү зарыл. Болбосо анын кесепети бейкүнөө адамдарга тийип калышы ыктымал. О. э. арамды адал, адалды арам деп айтуудан сак болуу шарт (Маида сүрөсү, 87). Себеби, мындай укук Алла жана анын элчисине гана таандык. Ошондуктан усулдук негизде гана; туураны туура, жаңылышты жаңылыш, тазаны таза, ширкти ширк, каапырлыкты каапырлык, адалды адал, арамды арам деп далил менен гана айтууга көнөлү. Антпесе чыныгы ширкти «ширк эмес» деп, ал эми ширкке тиешеси жок маселени «ширк» дегендер чыгып, элдин башын айлантары турган кеп...

Жыйынтык сөз:

Нооруз майрамын динге каршы коюуга негиз жок. Ошол эле учурда исламий түс берип, «Нооруз – мусулман майрамы» дегенден да алыспыз. Майрамдагандар арамга жеткирбөө же чектен чыкпоо шарты менен белгилей берсин. Куттуктабагандар да өз каалаганын кылсын. Болгону бири-биринин чечимин сыйлап, ортодо ынтымак жана толеранттуулук сакталсын. Элдик майрам катары калыптанган Ноорузга радикалдык мүнөздө каршы чыгууга акыйдавий негиз жок экенин дагы бир жолу алдын сызып белгилеп өтөбүз.

Экинчи жагынан Ноорузду кыргыздын төл майрамы катары пропагандалап, кыргызга гана таандык майрам деп курулай даңазалоону деле колдой бербейм. Орток майрам экени аталышынан деле көрүнүп турбайбы. Айрыкча салт-санааны бетине кармап, менталитетти динге каршы коюуну куп өздөштүрүп алгандар Нооруз сөзүн бурмалап, «Нур+ууз» деп алганына кантесиң киши. Сөз менен ойногонду сөлтүк деп коет. Ар кандай аталыштын түпкү маанисин, этимологиясын, тарыхыйлуулугун уруп ойнобой, колу-бутун кайрып, майып кылып, кара күчкө салып эле кыргызчалай берүү уят. Мисалы; Атилла – Адыл хан, Ахиллес – акыл-эс, Аляска – Ала-Аска, Есенин – Эсен, Москва – мас күйөө, Жан-Клод Ван Дамм – Жанболот палван ж.б. деп тамтаңдап соктура берген менен болобу.

Нооруз – Чыгыш элдеринин жаз майрамы. Анын ичинде түрк элдеринин да майрамы. Болду, сөз бүттү. Ары-бери тарткылай берүүнүн мааниси жок. Арийне, динди толук тааныбаган, түшүнбөгөн же аны кыйратып жашабаган, бирок өздөрүн исламдын чыныгы жактоочулары эсептеген замандаштар ушул маалыматты кабылдай албай, сиңире албай, чычалап, төө бастыга алары турган иш. Биздин максат – тактык. Жөнөкөй маселени көбүртүп-жабыртып, бөйрөктөн шыйрак чыгарууну туура көрбөйбүз. Кыскасы Ноорузду майрамдагандар менен тим койгондор ортосунда жик кетип, жаңжал чыкпаса экен деген тилек. Болор-болбос маселе элибиздин ынтымагына жарака кетирип, үммөттү бөлүп-жарбашы керек.

Максатыбыз мына ушундай. Макалада айтылган жыйынтыкты эң акыркы чындык катары таңуулоодон алыспыз, албетте. Сунуш, сын-пикир (раддия) болсо кабыл алууга даярбыз. Акыйкатта, эң туурасы Аллага гана маалым...

Возможно, это изображение (Иманбек Азизилла Уулу и стоит)

Иманбек Азизилла уулу

Интервью

 

Жаңылыктар

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды – фоторепортаж

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

ORO EXPO: Ювелирный дом Maxim Demidov в Бишкеке

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2