AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Депутат Марат Аманкуловдун мыйзамсыз байыганы аныкталды (сүрөт)

Жогорку Кеңешинин депутаты Аманкулов Марат Аскеровичтин мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды. УКМК аны мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө тастыктаган.

1024682546.jpg

Такталгандай, Аманкулов саясий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, анын жалпы суммасы расмий кирешесинен бир нече эсе жогору болгон.

— Мындан тышкары көмүскө активдерин жашыруу үчүн аларды жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган аффилирленген адамдарга каттаткан. Атап айтсак, соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, «Каприз» борборундагы коттедж, 3 особняк, ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 аткаруучу унаа. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиарддан ашык сомду түзгөн. Жогорудагы активдерге келип чыгуунун мыйзамдуулугун берүү максатында депутат Аманкулов аларды сатып алуудан мурун, тиешелүү насыяларды финансы-кредит мекемелерине берген.

Аманкуловдун 2008-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги жана Жогорку Кеңештеги саясий таасирин колдонуу менен активдерин кыйла көбөйткөнү божомолдонууда.

Учурда анын башка активдерин, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган каражаттарын легалдаштырууга катышкан адамдардын чөйрөсүн аныктоо иштери жүрүп жатканы да айтылды.

Эскерте кетсек, Марат Аманкулов учурда Жогорку Кеңештин депутаты. Ал КСДП партиясынын тизмеси менен парламентке келген. Ага чейин Бишкектин шаардык кеңешине да депутат болгон. 2020-жылдын күзүндө өтүп, жокко чыккан парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясын жетектеп барган.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2