AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Кыргызстанда Европа тасмаларынын онлайн-фестивалы старт алды

Бүгүн, 22-мартта Европа Бирлигинин (ЕБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган салттуу Европа тасмаларынын фестивалы старт алат.

afisha_kyrg.730x400.jpg

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чара 22-28-март аралыгында онлайн тартибинде өтөт.

Бул убакыттын ичинде www.euin.kg платформасында кыргызстандыктар ЕБ өлкөлөрүнүн 11 тасмасын жана айлана-чөйрөнү коргоо темасындагы 8 кыска метраждуу тасмаларды акысыз жана каттоосуз көрө алышат. Бардык фильмдер ЕвроБиримдикке мүчө мамлекеттердин эне тилдеринде орусча же англисче субтитрлер менен коштолуп көрсөтүлөт.

Фестивалдын көпчүлүк тасмалары кадыр-барктуу эл аралык кинофестивалдардын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү: Венециядагы "Ыйык Георгий" кинофестивалынын лауреаты, "Sawah" Флоренция кинофестивалынын лауреаты, Амстердам жана Мадрид эл аралык даректүү тасмалар фестивалынын жеңүүчүсү " Бейиштеги бейтааныш" жана башкалар.

«Тилекке каршы, COVID-19 пандемиясынын айынан 2020-жылы салтка айланган Европа тасмаларынын фестивалы өткөрүлбөй калды. Быйыл аны кайрадан жандандыруу ниетибиз бар, бирок коронавирус коркунучу сакталып тургандыктан кинотеатрда аны уюштуруу көйгөй жаратууда. Ошондуктан, биз бул фестивалды виртуалдык форматта өткөрүүнү туура тапты. Бир жагынан, майрамдык маанайдын жоктугу өкүнүчтүү - чоң кинозал, жаркыраган жарыктар, көрүүчүлөр ж.б. Бирок онлайн форматтын дагы жакшы жактары бар - тасмаларды үйүңүздөн чыкпай эле көрө аласыз. Иш-чара сөзсүз кызыктуу болот” - деди алдыдагы иш-чараны жарыялап жатып Европа Бирлигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр.

Фильмдерден тышкары эксклюзивдүү талкуулар, чеберлер-классы жана европалык киноишкерлер менен жолугушуулар болот. 22-24-мартта Бишкекте сценарий жазуунун техникасы боюнча бельгиялык адис Доменико Ла Портанын үч күндүк чеберлер-классы өтөт, 25-мартта италиялык эксперт Андреа Рокко кино комиссиялардын иши жана кино искусствону каржылоо жөнүндө айтып берет, 26-мартта Италиялык спикер Карло Д'Урси нөлдөн баштап кино тартуу боюнча онлайн семинар өткөрөт.

Кинофестивалдын бардык иш-чаралары жөнүндө кулактандыруулар Европа Бирлигинин Кыргызстандагы баракчасынын Facebook платформасында жарыяланат.

undefined

undefined

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2