AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

АКШ иммигранттарга жарандык алууга мүмкүнчүлүк берет

АКШ иммигранттарга жарандык жана юридикалык статус берген эки иммиграция мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул мыйзамдар АКШда жашаган 4,4 миллион иммигрантка туруктуу жашоо укугун бериши мүмкүн.

passport.jpg

АКШнын Өкүлдөр палатасы «Америкалык кыялдар жана убадалар жөнүндө» жана «Дыйкан чарбаларын модернизациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алды.

Биринчи мыйзам долбоору Кошмо Штаттарга жашы жете элек катары кирип, каттоосуз жашаган 2,5 миллион «кыялкечке» жарандыкка жол ачат. Мыйзам аларга АКШда депортация коркунучу жок 10 жыл бою жашоого, иштөөгө, аскерде кызмат өтөөгө жана бир катар талаптарга жооп берсе, жарандык алууга мүмкүнчүлүк берет.

«Бул мамлекетте миллиондогон адамдар үйү жок алыскы өлкөлөргө депортацияланып кетишет деп чочулашат. Себеби алардын үйү Америка. «Кыялкечтер» үчүн бул алардын жаш кезинен бери алардын үйү болуп келген. Эми бул үй алардын эркин дем алышына мүмкүнчүлүк берүүчү чараларды көрүүдө», — деди Өкүлдөр палатасынын көпчүлүк лидери Стэни Хойер.

Мыйзам ошондой эле АКШда отурукташкан жана убактылуу коргоо статусу менен жашап жаткан согуштан же табигый кырсыктардан качкан иммигранттарга жашыл карта берет. Миграция саясаты институтунун маалыматы боюнча, бул чаралар жалпы 4,4 миллион иммигрантка АКШда туруктуу жашоого укук бере алат.

Конгрессмендер экинчи мыйзам долбоорун дагы кабыл алышты. Бул айыл чарбасында мыйзамсыз иштегендерге укуктук статус берет. Документ мындай адамдарга айып пул төлөп, айыл чарбасында дагы 4-8 жыл иштесе, грин-карта алууга мүмкүнчүлүк берет.

«Пандемия учурунда мындай адамдардын көпчүлүгү биздин өлкөнү туруктуу, күчтүү жана ден-соолукту сактап калуунун башында турушкан, бирок алар иммиграциялык статуска ээ болгондуктан коркуп жашоого аргасыз болушат. Мен бул мыйзам долбоорун колдойм жана Өкүлдөр палатасына ушул маанилүү мыйзамды кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирем», — деди президент Байден өз билдирүүсүндө.

Өкүлдөр палатасында көпчүлүктү түзгөн демократтар буга чейин мындай мыйзамдарды кабыл алышкан, бирок алар ошол кездеги республикачылар көзөмөлдөгөн Сенатта мурунку президент Дональд Трамптын саясатына ылайык кабыл алынган эмес.

Эми, бул эки мыйзам долбоору АКШнын 2021-жылдагы Жарандык жөнүндө мыйзамынын бир бөлүгү болуп саналат. Бул мыйзам АКШ аймагына мыйзамсыз кирген, бирок ал жакта жашап жатып мыйзам менен көйгөйгө учурабаган иммигранттарга жарандык алуунун жаңы жолдорун белгилейт.

Maral

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2