AUCA the best 2

2024-04-20

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Аалы Карашев: Азык-түлүк коопсуздугу боюнча көйгөй көп

Бишкекте азык-түлүк коопсуздугунун маселелерине арналган тегерек стол болуп, анда ЖКнын экс-депутаты Аалы Карашев бул тармактагы көйгөйлөр ошол бойдон сакталып жатканын айтып, аларды чечүүнүн бир нече жолун сунуштады.

“Бүгүнкү күндө өлкөбүз, калкыбыз жана жеке ишкерлерибиз баалардын кескин өсүшүнө жетишпей артта калууда. 2022-жылдын 10 айына гана карата инфляция 12,1 пайызды түзүп, ал эми тамак-аш азыктары менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 13,1 пайызга өскөн. Алсак, кумшекердин баасы 33,5 пайызга, ундун баасы 26,9 пайызга кымбаттаган. Макарон жана дан азыктарынын баасы 22,4 пайызга кымбаттаса, бышырылма азыктар – 21,6 пайызга, балык – 20,1 пайызга, ак май – 17,3 пайызга кымбаттаган. Ошону менен бирге өлкө боюнча айлык акы орто эсеп менен 27,9 пайызга жогорулады. Бирок көбөйгөн киреше толугу менен азык-түлүк сатып алууга короп жатат.

2015-жылы 2015-2017-жылдарга карата азык-түлүк коопсуздугу боюнча Мамлекеттик программа кабыл алынган. 2019-жылы анын ишке ашырылуусуна баа берилген. Программаны ишке ашыруу боюнча 177 чара каралган. Ошондо ал пункттар аткарылгандыгы аныкталып, аткаруу пайызы 98,9ду түзгөн. Бул тууралуу 2019-2023-жылдарга карата Программада айтылат.

Логикага ылайык, ошол Программанын аткарылуусунун жыйынтыгы ийгиликтүү болгондо учурдагы көйгөйлөрдүн тизмеси мынчалык көп болмок эмес. Бүгүнкү күндө тамактануу үчүн зарыл болгон тамак-аштын 9 түрү боюнча мамлекетибиз өзүн 2-3 түрү менен гана камсыздоодо.

Азык-түлүктүн калган 5-6 түрү импорттук жеткирүүлөрдүн негизинде камсыздалууда.

Өлкөбүздүн азык-түлүк продуктуларынын импорттук жеткирүүлөрүнөн көз каранды болуусу жылдан-жылга өсүүдө. Тиешелүү түрдө баалардын дүйнөлүк өсүүсүнөн көз карандылыгыбыз дагы. Айтор көйгөйлөр ошол бойдон сакталууда.

Демек, көйгөйлөрдү чечүү жолдорун, векторлорун жана механизмдерин өзгөртүү зарыл. Ушуга байланыштуу Мамлекеттик программа концепциясын карап чыгууга муктаж. Ал ички азык-түлүк өндүрүшүн өнүктүрүүгө, калктын кирешесин жогорулатууга, калктын аярлуу катмарларын колдоого, тамактануу рационун өзгөртүүгө багытталышы керек", - деди Карашев.

Ошондой эле экс-парламентарий төмөнкүлөрдү сунуштады:

- Түшүм жыйноо маалында ири мамлекеттик келишимдер боюнча андан ары сатууну эске алуу менен баалардын өсүү мезгилинде биржалык товарларды (буудай, өсүмдүк майы, шекер) сатып алууга мамлекеттик буйрутманы калыптандыруу;

- Айыл-чарбаны райондоштуруу боюнча реформа жасоо. Максат – райондордо ири айыл-чарба класстерлерин түзүү. Алардын тегерегинде фермерлер аккумуляцияланып, бул өз кезегинде мекемелерди зарыл болгон товарлар боюнча сырье менен камсыздайт;

- КРдин аймагында ири мекемелерди курууга кызыкдар болгон ишкерлерге мамлекеттик кепилдик берүү максатында айыл-чарбанын маанилүү багыттарын аныктоо (ун, эт, өсүмдүк майы, жем өндүрүү);

- Кыргыз Республикасында курулуп жаткан кайра иштетүүчү мекемелерди курууга бөлүнүп жаткан пайыздык ставкалар боюнча мамлекеттик субсидиялардын механизмин киргизүү.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2