2024-12-21
Интервью
Болотбек Шамшиев: Тарбия маселесинде кинодон өткөн курал жок
Легендарлуу кыргыз кинорежиссёру Болот Шамшиев ушул жылы “кагаз бетиндеги фильмдерин” сунуштады. Ал өзүнүн жазуучулук ишмердүүлүгүн ушинтип атады. “Эсимде” – 40-жылдардагы кыргыз милициясы жана “Эр жүрөк Каба” – кыргыз баатыры Кожомкул жөнүндөгү чыгармалар. Болот Шамшиев 30 жылдан ашык убакыттан бери жазуучулук менен алектенип келет.
- “Кагаз бетиндеги фильмдер” жөнүндө кеп кылалы...
- Бул кеңейтилген сценарий. Актёр же режиссёр окуганда, автордун идеясын, бере турган оюн толук түшүнүшү үчүн кеңейтип жаздым. “Сценарий – бул даяр кино” деп устаттарым көп айтып калаар эле... Тилекке каршы, учурда кино тармагына атайын билими жок, бул искусствого эч тиешеси жок кишилер келип, маданиятка урматсыздык менен мамиле кылып жатышат. Бул көрүнүш искусствонун бардык багыттарында байкалууда. Мага 30 жылдан бери кино тарттырбай келатышат. Ошондуктан, өзүмдүн жан дүйнөмдө багып жүргөн идеяларымды кагаз бетине түшүрүү менен алекмин.
- Эмне үчүн кино тартууга тоскоолдук болуп жатат?
- Бул мамлекетти башкарып тургандардын маданиятка болгон солгун мамилеси деп койсом болот. Көп жолу кайрылдым. Жыйынтык болбоду. Мыкты идеялар бар эле. Мисалы, Россия мамлекеттик кинематография институтунун филиалын Кыргызстанда ачуу маселесин көп жолу көтөрдүм. Жадагалса, аталган окуу жайдын өкүлдөрү да келип, макулдугун берип кетишти. Эмнегедир, Шамшиевдин идеялары колдоого алынбай калды... Эгер кино жаратмандарын даярдай турган чоң окуу жай ачып алсак, азыркы көрүнүш болбойт эле да. Караңызчы, кино тармагында эмне деген башаламандык болуп жатат. Билгени да, билбегени да өзүнүн тууган-уругун тартып, чоң экранга чыгарып жатат. Бул эмне деген шалаакы мамиле? Бир күнү Кино үйүнө барсам, өзү оозго ала турчу кино тартпаган режиссёр студенттерди окутуп жатат. “Режиссёрлорду даярдоо курсу” деп эшигине илип алыптыр. Өзү эптеп кино тарталбаган киши кантип башка бирөөнү окутмак эле. Мына, кино тармагында ушундай иштер болуп жатат.
- А сизде студенттерге сабак берейин деген ой болду беле?
- Кино жаратууну 2 же 3 айда үйрөнүп бүтө албайсың. Бул мүмкүн эмес. Студенттерден акча чогултуп алып, аз убакыттын ичинде эмнени үйрөтмөк элем? Эртең алар кино тармагына барып эч нерсе билбей турса, Шамшиев уятка калбайбы?
- Бүгүнкү күндө сиздин чыгармачылыкты колдойм дегендер чыкпадыбы? Колунда бар ишкерлерибиз да бар...
- Ишкерге эмне, алар искусство менен иши жок. Бай адам ар бир тыйынын эсептебесе, миллионер боло албайт. “Бер” деп айтканга тилим барбайт. Маданият – бул базар түшүнүгү эмес. Ошол эле учурда, кино – бул товар. Болгону ал “өзгөчө” товар. Бирок, учурда биздин кино ошол “өзгөчөлүгүн” сактай албай калды да. Бири-бирин кайталаган сюжеттер, бузулган аялдар, үй-бүлөсүн чанып кеткен эркектер, ойноштук темалары кеңири чагылдырылып калды. Индиянын фильмдерин алалы, баарынын сюжеттери опокшош. Биз дагы ошол жолго түшүп калдык. Бул багытта орусиялык режиссёрлордун аракетин баалап турам. Алар азыр бийигирээк учуп баштады.
- Кыргыз экранында кандай фильмдер чыгышы керек деп эсептейсиз?
- Кино – бул коомду тарбиялоодогу эң натыйжалуу курал. Азыр коом эмне болуп жатат? Көйгөйлөр абдан көп. Биз өсүп келе жаткан муунду тарбиялашыбыз керек да. Мисалы, эненин орду, атанын орду, баланын орду дегендей... Идеологияны түзүп, кино аркылуу элге жайылтышыбыз керек го, акыры! Ушул күнгө чейин бирдиктүү идеологиябыз жок. Ары бастык, бери бастык, болду эми. Убакыт келди.
- Азыр адабиятты канат кылып учуп жатасыз...
- Айласыздан адабиятка баш бактым. Адабияттын күчү менен коомго кайрылып жатам. Мүмкүн кирешелүү бизнеске инвестиция салам дегендер чыгып калаар деген илгери үмүт. Себеби, Шамшиев - коммерциялык режиссёр. Менин “Караш-Караш баяны”, “Бөрү зындан”, “Ак кеме” фильмдерим миллиондогон доллар киреше алып келген. Менин фильмдеримдин көрүүчүлөрүнүн аягы эч качан суюлбайт.
Болотбек Шамшиев – кыргыздын чыгаан кинорежиссёру.
1991-жылы СССРдин эл артисти наамын алган.
Болот Шамшиев 1965-жылы “Манасчы” даректүү тасмасын, 1965-жылы “Караш-Караш окуясы”, 1972-жылы “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” көркөм фильмдерин тартат. 1975-жылы тарткан “Ак кеме” тасмасы СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган. 1980-жылы “Эрте келген турналар” жана 1984-жылы “Бөрү зындан” көркөм тасмаларды тарткан.
Эгемен Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 1998-1999-жылдары Мамлекеттик туризм жана спорт агенттигинин директору болуп эмгектенген. 2002-жылга чейин Кыргызстандын Бириккен араб эмиратындагы башкы консулу болуп иштеген.
Болот Шамшиев 1996-жылы көк бөрүнүн жалпы эрежесин иштеп чыккан. Ал тай казанды ойлоп тапкан. Ал эми 2001-жылы Бишкекте Эл аралык көк бөрү федерациясы негизделген. Анын курамына Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери кирип “Көк бөрү” деген аталыш эл аралык термин катары кабыл алынган.