2024-12-23
Интервью
Мелис Сатыбеков: Геология - экономиканын маанилүү элементи
КРдин Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси Мелис Бакытович Сатыбековдун аткарган иши так болгондуктан, коомчулукта жылуу пикирлер айтылып жүрөт. Кыргызстандын алдыңкы жана жогорку квалификациялуу геологдорунун бири. Кесиптик эмгек жолун экспедицияда геолог болуп баштаган. Анын аткарган ишинин көлөмү - чоң билимге ээ экендигин тастыктап турат. Билимин, тажрыйбасын, ишмердүүлүгүн геология тармагын өнүктүрүүгө багыттап активдүү илимий жана уюштуруу иштерин жүргүзүп келет .Ал геологиялык кызматтагы кыска мөөнөттүү жетекчилиги астында бир катар олуттуу чечимдерди кабыл алып, тармактын ишин илгерилетүүгө. конкреттүү сунуштарды ишке ашырды. Өз ишинин профессионалы, Кыргызстандын гана эмес, чет өлкөлөрдө да геологдордун урмат-сыйына ээ.
- Мелис мырза, саламатсызбы? Геолог кесибин сиз тандадыңызбы же сизди тандадыбы?
- Саламатчылык. Геолог кесиби мени тандады десем жаңылбайм. Менин атам геолог, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган. СССР учурунда институттун бүтүрүүчүлөрүн өз багыты боюнча бөлүштүрчү. Атам Казакстанда коргошун-цинк шахтасына (комбинатына) багытталып, эмгек жолун участкалык геологдон баштаган. Талыкпаган эмгеги, зор тажрыйбасы менен участкалык геологдон баштап шахтанын жетекчиси кызматына чейин жеткен. Бала чагымдан атам менен чогуу чалгындоого чыгып, шахтага түшүп, геология жөнүндө түшүнүгүм кенен эле.
- Кыргызстандын геологиялык кызматынын тарыхы тууралуу айта кетсеңиз?
- 1938-жылы Кыргыз геологиялык башкармалыгы түзүлгөн. Бул кадам геологиялык чалгындоо иштеринин илимий-техникалык деңгээлинин өсүшүнө, натыйжалуулугунун жогорулашына, тармактын материалдык базасынын чыңдалышына, кадрлардын көбөйүшүнө түрткү болгон. Ири кен байлыктар ачылган.
Андан сырткары, пайдалуу кендерди издөө жана чалгындоо иштерин илимий жактан камсыз кылуу боюнча иштери күчөтүлгөн. Илим менен өндүрүштүн интеграциясына алып баруучу ведомстволук илим изилдөө институттары түптөлгөн. Геология башкармасынын жана илимий мекемелердин жакшы координацияланган көмөктөшүүсү менен узак жылдар бою геологиялык изилдөө жумуштары жүргүзүлүп, көптөгөн кендер ачылган, минералдык-чийки зат базасы толукталып турган.
Өнөр жай тармактарына керектелүүчү ар бир кендин ачылышы – бул тарых. Геологиялык кызмат сыртынан оңой көрүнгөнү менен өтө татаал, түйшүгү түмөн. Бийик белдерди ашып, күндүн ысык-суугуна карабай, боздогон бороондо, ызгаардуу суукта, мээ кайнаткан ысыкта, жанын оозуна тиштеп, элине, мекенине баа жеткис кызмат өтөшөт. Мамлекетибиздин экономикасынын өсүшүндө геологдордун эмгеги, орду чоң. Кен байлыктарды таап, запастарын аныктап, өздөштүрүүгө өткөрүп берет - мунун баары эбегейсиз эмгекти талап кылат. Нөшөрлөгөн жаанда, кычыраган кышта иштөөгө туура келет. Азык-түлүк түгөнүп калган учурлар болот. Корум таштардын арасында жүрүү эрежесин сактап, бир топ түйшүк тартабыз. Тилсиз жоо деген бар – кар көчкү, таш көчкү, жер көчкү. Бул жагынан да алып караганда, геологиялык илим башка илимдерге караганда татаал деп айтсак болот. Математика, химия, физика, зоология, тарых жана башка илимдерди жакшы өздөштүргөн адам гана мыкты адис болуп жетише алат. Планетанын жаралышынан баштап, өнүгүшү, өзгөрүшү, калыптанышына чейинки маалыматтарды үйрөтөт.
- Кыргызстандын кен байлыктары жөнүндө...
- Кыргызстан пайдалуу кенге бай, потенциалы бийик, казып алуу перспективасы да зор. Бул дараметти реализациялоо үчүн ири каражат жана мыкты адистер талап кылынат. Геологиялык кызматтын маанисин жана кен байлыктар кантип иштеши тууралуу кенен айтып берейин. Геология боюнча түшүнүгү жок адамдар ойлогондой, кен өзү эле кен болуп калбайт. Алгач изилдөө жана чалгындоо иштери жүргүзүлөт. Мыкты адистерден куралган топ аймактын долбоорун түзүп чыгышат. Андан кийин мамлекеттик органдардан уруксат алуу керек болот. Тажрыйбалуу инженерлер изилдене турган жердин климатын, геологиялык түзүлүшүн, гидрографиясын, орографиясын аныкташат. Аскалардын, тоо тектеринин түрү, хронологиясы, аномалиясы жана башка шартын билиш жана айырмалаш үчүн мыкты геологиялык илим болушу зарыл. Кенди кен кылыш үчүн геологдордун калың тобу иш алып барышат. Кенге баа берүүдө татаал өткөөл мезгилдер болот. Көптөгөн үлгүлөр алынат, алар лабораторияда текшерилет. Жумушчу топту техника, турак жай, тамак-аш менен камсыздоо иштери өз нугунда жүрүшү керек. Мунун баарын жогорку деңгээлде уюштуруп, иштеп жаткан адистерге туура багыт берген мыкты инженер, чарбачыл жетекчи керек. Кадрлар маселесинде да көрөгөчтүк болушу зарыл. Адистер туура тандалбаса, кенди ачуудагы маанилүү жумушта кемчиликтер болуп, запасынын көлөмүн атайын азайтып көрсөтүү менен мамлекетти зыянга учуратуу коркунучу бар. Же болбосо, таптакыр ачылбай да калышы ыктымал.
- Абдан кызык экен... “Кумтөр” кенинин ачылышы жөнүндө айтып берсеңиз?
- “Кумтөр” кенинин мисалында, геологдордун ишинин барктуулугун жана маанисин баяндап берейин. Баарыбызга белгилүү, “Кумтөр” – Кыргызстандын ири кени. Бул алтын кендин ачылышында Игембердиев Самыйбек Абазовичтин эмгеги зор экендигин көпчүлүк биле бербейт.
1978-жылдын 25-июнда Кыргызгеофизика экспедициясы гравиметрикалык 18-партиясынын геофизиги Резников Б.А. менен геолог Бурцев В.В. баш болгон отряд вертолёт менен Кумтөрго жеткирилет. Алар кен жаткан аскадан да, моренада жаткан таштардын сыныгынан да үлгү алып, лабораторияга жиберишет. Алынган үлгүлөр алтындын өлчөмү 1 тоннага 5-12 грамм экендигин көрсөтөт. Самыйбек Абазович кенди жеке көзөмөлүнө алып, өзү барып алган үлгүнү жергиликтүү өкмөткө жиберет. Бардык маалыматтар Москвага айтылып, “Кумтөр” алтын кенин ачуу үчүн далилдөө иштери башталат.
Кенди иштетүүнүн техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭО) СССРдин Министрлер советине караштуу баалуу металлдар жана алмаздар башкы башкармалыгы тарабынан 1989-жылы алтындын запасы СССРдин пайдалуу кен байлыктардын запасы боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан бекитилген. Ири көлөмдөгү тоо-кен жана бургулоо иштери жүргүзүлгөн. Эбегейсиз көлөмдөгү үлгүлөр алынып, көптөгөн технологиялык сыноолор өткөрүлгөн. Жумуштун баары татаал шартта, бийик тоодо, муздун арасында, улам жылып турган мөңгүдө абдан түйшүктүү болгон. Кыргыз геологдоруна Москва, Якутск, Ташкент жана Алматынын илим-изилдөө институттарынын адистери жардамга келишкен. Игембердиев Москвага чейин барып, каражат маселесин чечип келген. “Кумтөргө” байма-бай барып, геологдор менен мыкты иштешкен.
Самыйбек Абазович “Кумтөр” боюнча партиялык жана мамлекеттик органдар менен тыгыз иштешип, көп күч жумшады. Анын тыкыр көзөмөлү астында “Кумтөр” геологиялык чалгындоо партиясы тарабынан кенди чалгындоо иштери кыска мөөнөттө аяктап, алтындын запасы СССРдин пайдалуу кен байлыктардын запасы боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан мыкты баа менен бекитилген. Ошентип, биздин өлкө ири алтын кендин ээси болуп калды. Мунун баары геологдордун калың тобунун жана жумушту бир нукка салып, техникалык жана каражат жагынан үзгүлтүксүз камсыздап турган Игембердиев Самыйбек Абазовичтин зор эмгегинин үзүрү.
Биздин мурунку муундагы мыкты геологдорубуздун баа жеткис эмгеги, эбегейсиз иштери унутулуп калбашы үчүн кийинки муундарга мурас катары, эки жылдан бери “Кыргызстандын көрүнүктүү геологдору” аталышындагы китептин үстүнөн иштеп жатам.
- Союздан кийин кыргыз геологиясында абал кандай болду?
- Союз таркагандан кийин бюджеттин тартыштыгынан улам геология тармагына көңүл бурулбай калган. Геологиялык иштерин каржылоо да токтотулган. Бул геологиялык чалгындоону гана эмес, илимди да стагнацияга алып келди. Геологиялык, геофизикалык жана гидрогеологиялык кызматтарды көрсөткөн өндүрүштөр кыйын кырдаалга кептелди. Мунун баары тармактагы изилдөө жана издөө иштерин үзгүлтүккө учуратты. Бүгүнкү күнгө чейин толук кандуу изилдөө, чалгындоо иштери жүргүзүлбөй келет. Мурунку муундагы геологдордун минералдык-чийки зат базасын колдонуп келебиз. Бирок ишине берилип, геология илиминде калгандар да аз эмес. Аладын көбү учурда окутуучулук кесибин аркаласа, калганы кен байлыктарды чалгындоо боюнча долбоорлорду түзүп иштеп жүрүшөт. Ушундай кыйын кырдаалда геологияны таштабай, тармакта калгандар - кесибине берилген инсандар. Геологиялык кызмат дал ушул чыдамкай, өжөр адамдардын интеллектуалдык потенциалынын негизинде сакталып калды десем болот.
- Геология тармагын кантип жандандырса болот?
- Эң эле биринчи, геологиянын статусу жана маанилүүлүгүн жогорулатуу зарыл. Геологиялык чалгындоо жүргүзүп, минералдык-чийки зат базасы толукталып турушу чоң мааниге ээ экенин түшүнгөн чөйрө болушу керек. Бул үчүн түшүндүрүү иштери жүрүшү зарыл. Геологиялык кызматтын өзүнчө мамлекеттик органын түзүп, ага өндүрүштү башкарууга жана өнүктүрүүгө жөндөмдүү, өндүрүштүк уюмдарды, илим-изилдөө институттарын, жаңы технологиялар жана окуу жайларын бириктирүү керек. Жогорку окуу жайларда жана ири компанияларда ачылыштарга негиз боло турган прикладдык жана маанилүү изилдөө бөлүмдөрүн негиздөө керек. Бир жеңден кол, бир жакадан башка чыгаралы. Биргелешкен аракет менен гана өлкөгө пайда алып келе турган натыйжага жетише алабыз. Белгилүү саясатчы айткандай, менимче муну баары билет болушу керек: “Өлкө сен үчүн эмне кылды деп сураба, сен өлкө үчүн эмне кыла аласың деп сура”.
- Мындай кырдаалда эмне кылуу керек?
- Алдыга гана умтулуу керек – тармакты жакшыртууга аракет кылуу зарыл. Геологдор ача турган кендер али алдыда. Жолду баскан арбытат дейт элимде.
- Минералдык-чийки зат базаны кантип толтурса болот?
- 5 жылдык, 10 жылдык мамлекеттик программа иштелип чыгып, бекитилиши керек. Минералдык-чийки зат базасын кеңейтүү боюнча программаны жаңыдан түзүлгөн мамлекеттик ишканалар ишке ашырышы зарыл. Геологиялык изилдөөлөрдү, маалыматтык камсыздоону жогорку илимий-технологиялык деңгээлине геология тармагынын жогорку квалификациялуу кадрларынын аракети менен гана жетишүүгө болот. Минералдык-чийки зат базасын турукташтыруу үчүн жаңы кендерди ачуу менен аныкталган кендерди тастыктоо, мурда табылып бирок жетиштүү баа берүү жумуштары жүргүзүлбөй калган жерлерде чалгындоо иштерин жандандыруу абзел. Ал үчүн ири каражат талап кылынат. Программанын натыйжасында, минералдык-чийки зат базасынын кеңейүүсү элдин пайдасына кызмат кылып, өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүгө өбөлгө болот. Анткени, геология – өлкө экономикасынын маанилүү элементи.
- Өлкө табигый кендерди өзү иштете алабы? Ал үчүн эмнелер талап кылынат?
- Кендерди мамлекетибиз өзү иштетсе болот, ошол эле учурда ар бир кенди ишке киргизүүгө ири суммадагы каражат талап кылынат (бери дегенде 200 миллион АКШ доллары керектелет). Биздин кендерди иштеткен инвесторлор техникалык-экономикалык негиздемени түзүп, насыя алышып, ишин башташат. Ошол эле мамлекеттик тоо-кен ишканалары да техникалык-экономикалык негиздемени даярдап, банктардан насыя алып иштетсе болот. Кендерди иштетүүнү ыкчам башкарууга өткөрүп берүү керек. Анткени, кен 100% мамлекеттик ишканада болот, ыкчам башкарууну жүргүзгөн компанияга алып барган кызматы үчүн кирешеден пайыз төлөм катары келишимде караса болот.
- Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигин жетектедиңиз. Бул кыска аралыкта олуттуу өзгөрүүлөргө баруу албетте кыйын. Бирок ошол убакыттын аралыгында кандай жетишкендиктер болду?
- Командабыз менен мамлекетке натыйжалуу боло турган иштердин фундаменти куюлду. Аларга токтоло кетсем:
Кабыл алынган ченемдик укуктук актылар:
2021-жылдын 26-июнунда №81 “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамы” кабыл алынды. Ага ылайык, техногендик түзүлүштөр мамлекеттин менчиги болуп саналат. Аны иштетүүгө, ошондой эле 100% мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык банктарда рекультивация фондунун каражаттарын топтоо ченемдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен уруксат берилет.
2021-жылдын 5-августунда №92 “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамы” кабыл алынды. Анда конкурстук жана аукцион аянтчаларында 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар чарбакер субъекттер жана ишканалар үчүн жер казынасын пайдалануу укугун алуу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү каралган.
2021-жылдын 17-августунда Мелиорация фондунун ресурстарын 100% мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык банктарда топтоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №139 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №517 “Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому кабыл алынды.
2021-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө” №148 токтому кабыл алынды. Анда 100% мамлекеттик үлүшү бар чарбакер субъекттерге жана ишканаларга жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби каралган. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-сентябрында №185 “Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдөрдү, алымдарды жана алымдардын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынган. Долбоордун максаты - лицензияны кармоо үчүн жыйымдарды мыйзамдык жөнгө салууну өркүндөтүү, ошондой эле аларды салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине жана “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-апрелинде №108-р жеткиликтүү мыкты технологияларды колдонуу менен “Кыргызалтын” ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте Солтон-Сары кенинин Алтын-Төр тилкесин иштетүү учурунда пайда болгон калдык сактоочу жайды экинчи ирет иштетүүгө уруксат берүү жөнүндө токтому кабыл алынган.
2021-жылдын 30-апрелинде №491 “Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жарлыгы чыккан. Аталган жарлык ушул жарлыкта каралган чараларды ишке ашырууда ведомстволор аралык кызматташтыкты ишке ашыруу жана камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021 -жылдын 23-августундагы №148 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынды.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 8-июнундагы №122 буйругу менен пайдалуу кендердин мамлекеттин балансында мамлекеттик апробацияны жана листингди ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июлунда “Макмал Голд Компани” жоопкерчилиги чектелген коомуна №1 калдык сактоочу жайын жана Макмал кенин иштетүү учурунда пайда болгон тоо-кен таштандыларын экинчи ирет кайра иштетүү чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө №86-р буйругу чыккан.
Иштелип чыккан мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлору:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №5 "Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексинин долбоорунун күчүнө киришин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү/жараксыз кылууну камсыз кылган "Кыргыз Республикасындагы жер казынасын пайдалануу маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты.
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-ноябрындагы №368-р буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйруктун долбоору иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругунун долбоорунун максаты жана милдети – 100% мамлекеттик үлүшү бар чарбакер субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүгө мораторийди алып салуу.
Пайдалуу кендерди рационалдуу, комплекстүү пайдаланууга жана жер казынасын коргоого бирдиктүү талаптарды белгилөө максатында Кыргыз Республикасында пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүдө жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө токтомдун долбоору иштелип чыккан.
"Кыргыз Республикасынын геология жана жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебиндеги каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыкты жана бекитүүгө жөнөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын толуктоо жана геологиялык чалгындоону иштерин стимулдаштыруу боюнча тийиштүү чараларды көрүү максатында "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыкты. Жарлыктын долбоорунда Кыргыз Республикасында мамлекеттик заказ боюнча иштерди аткарууда салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карызы тууралуу маалыматты берүү талабын алып салуу каралган.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-ноябрындагы №368-р буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйруктун долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунушталган. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругунун долбоору техногендик түзүлүштөрдү өнүктүрүүгө байланышкан иштерди жүргүзүүгө уруксат берүү максатында даярдалган.
Аткарган ишибиздин негизги максаты - жаңы ресурстар менен мамлекетибизди жабдуу болду. Ал үчүн геологиялык чалгындоо иштерин жандандыруу, минералдык-чийки зат базасын толуктоо, мурда табылып, бирок жетиштүү изилденбей калган жерлерде кайрадан изилдөө иштерин жүргүзүү, запастарын аныктоо, жаңы кендерди ачуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү болду.
- Геолог кесиби жөнүндө...
- Геолог кесиби – бул курч мүнөздүү, чыгармачылыкты, көрөгөчтүктү, ак ниетти, жаратылыштын сырларын түшүнүүнү, барктоону, аяр мамиле жасай билүүнү талап кылат. Ал пайдалуу кендерди чалгындоо жана иштетүү үчүн тоо тектеринин курамын жана түзүлүшүн изилдейт. Геолог теориялык маселелерди иштеп чыгып, жаратылыш объектилерин жана моделдерин изилдеп, аларды практикада колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн баалоо маселелерин тыгыз айкалыштырып иштеши керек. “Эч нерсесин жоготпогон, бирок дайыма изденген” деген сөз геологдорго карата айтылган. Бул кесиптин сыры ушул сөздө жатат.
- Геолог болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек?
- Геология жан дүйнөнүн жана кайраттын айкалышын талап кылат. Аналитикалык ой жүгүртүү, байкоочулук, тапкычтык, тырышчаактык, көрөгөчтүк - негизги сапаттар. Адатта чалгындоо экспедициялары адам барбаган аймактарда болот. Мындай кыйынчылыктарга туруштук берүү үчүн физикалык жана психикалык ден соолук мыкты болушу абзел. Геолог кесибине ээ болгондон кийин, тынымсыз билимди жогорулатып, өзүн өнүктүрүп, тажрыйбаны өстүрүү менен гана жердин сырын биле баштайтасыңар. Философия, физика, математика илимдерин жакшы өздөштүрүү зарыл. Геология жашоо образына айланганда гана – мыкты геолог адиси болууга мүмкүн. Билим көптүк кылбайт, өнөр аздык кылбайт.
- Геологдорго болгон суроо-талап кандай?
- Геология – абдан масштабдуу кесип. Ал байыркы замандан бери бардык цивилизацияларда маанилүү орунду ээлеп келет. Ал – катархейден (планетанын жаралышы) баштап, планетардуу геологияга (Айдын геологиясы, Марс планетанын геологиясы) чейинки ааламдагы бардык кубулуштар менен байланышкан. Геология жөнүндө баарын билип бүтүү мүмкүн эмес. Бул кесипти тандаганда туура максат койгон болсоң, анда туура жолду тандадым деп эсептөө керек.
- Алдыдагы пландарыңыз?
- Бүгүнкү жасаган ишибиз келечегибиз үчүн абдан маанилүү. Ар бир мүнөттү туура пайдалануу керек. Анткени, бүгүнкү чечимдерибиз келечектеги тагдырыбызга чоң таасир берет. Белгиленген пландарды ишке ашырууга кылдаттык менен кадам ташталып жатат. Ар бир адам өзгөрүүнү, жаңыланууну өзүнөн башташы керек.