AUCA the best 2

2024-04-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Жибек Молдоева: Ок атуу спортун өнүктүрүү үчүн бардык аракетимди жумшайм

Кыргызстандын Ок атуу спорту федерациясы 1992-жылы аталган спорт түрүн жайылтуу максатында негизделген. Федерациянын учурдагы президенти Саламат Эргешов бул спортту өнүктүрүүдө заманбап ок атуу комплекстерин куруп, ок атуу боюнча келечектин чемпиондорун өстүрүүдө. Бул спорт айрыкча быйыл абдан жанданып, Кыргызстанда эл аралык биринчиликтерди өткөрүүгө жетишилди. Ок атуу спортун жайылтууда федерациянын Башкы катчысы Жибек Молдоеванын да салымы чоң. 

 

Кыргызстандагы ок атуу спортунун эки багыты бар: ок атуу (олимпиадалык дисциплина) – бул пневматикалык мылтык, тапанча жана майда калибрдүү мылтыктан атуу. Бул дисциплина боюнча Кыргызстанда эки мектеп бар: Бишкек жана Панфилов мектеби. Панфилов мектеби балдарды 11 жаштан машыктырып баштайт. 18 жаштан Бишкектеги мектепке которулат. Учурда Кыргызстанда жалпы 50дөн ашык спортчу ок атуу менен машыгат.

Практикалык ок атуу – бул IPSC (эл аралык практикалык ок атуу федерациясы) эрежелерине ылайык болот. Мында жарандык колдонуудагы сайсыз мылтык, карабин, мылтык жана тапанча менен атылат. Ок атуунун бул түрү боюнча Кыргызстанда бир канча клубдар иштейт жана бул багытта жашы улуу кишилер гана машыга алат. Клубдарда 100дөн ашык спортчулар машыгат. Учурда Кыргызстанда мелдешке беш миңден ашык жаран чыга алат. Андан сырткары, стенддик жана жогорку тактыктагы ок атуу түрлөрүн өнүктүрүү пландарыбыз дагы бар. Стенддик ок атуу Олимпиада дисциплинасына кирет. Келерки жылы практикалык жана стенддик ок атуу үчүн ачык полигон ачуу мерчемделүүдө. 

Учурда “9*19” спорттук ок атуу комплекси ийгиликтүү иштеп жатат. Ал Бишкек шаарында Валиханов көчөсү, 2/14 дарегинде жайгашкан. Жалпы аянты 2000 чарчы метрди түзөт. Мында 5 ок атуу чеги бар. 

Олимпиада дисциплинасы боюнча:

* Пневматикалык тапанча жана мылтык менен 10 метр аралыктан атуу;

* 10 практикалык ок атуу аянтчасы;

* Жарылуучу ок менен атуу дисциплинасы;

* 10 метр аралыктан пневматикалык тапанчадан ок атуу (9 мм)

* Спорттук-тактикалык пневматикалык куралдан атуу жана жеңил пневматика боюнча 8 зона. 

Бизде бардык машыгуулар, мелдештер Эл аралык ок атуу федерациясынын (ISSF), Эл аралык практикалык конфедерациясынын (IPSC) талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жооп берет. 

2016-жылы Ок атуу федерациясына Саламат Эргешов президент болуп дайындалды. Спорттун бул түрүн жандандыруу үчүн жаңыча көз караш менен иштеген киши керек болду. Спортчулар буга чейин Фучикте жайгашкан ок атуу комплексинде машыгып келишкен. Ал комплекстин шарттары өтө начар эле. Тилекке каршы, спорттун бул түрүнө буга чейин көңүл бурулбай келген, тирдеги инфратүзүм спортчуларды даярдоого ылайык эмес болуп калган. Ошондуктан, ок атуу комплексин куруу негизги максатка айланды. Ар бир федерация жана спорттун түрүнүн жеке базасы сөзсүз болушу керек. Ал эми ок атуу – атайын базасы жок өнүгө албай турган спорттун техникалык түрү. Федерация үчүн тирдин канчалык мааниси бар? Учурда ок атууга кызыккандардын саны өтө эле аз. Ал эми “9*19” ок атуу комплекси курулгандан бери спортчулардын саны кыйла көбөйдү. Аталган комплекс Улуттук олимпиада комитетинин президенти Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообековичтин чоң жардамы менен курулду. Бардык шарттар түзүлгөн комплексте Кыргызстанда ок атуу спортун өнүктүрүүгө көп мүмкүнчүлүктөр ачылды. 

Ырас, ок атуу спорту боюнча коомдун маалыматы аз. Себеби, бул спорт жөнүндө көп айтылбайт. Федерация – коомдук бирикме катары түзүлүп, өзүн-өзү каржылайт. Ошондуктан, жарнамалоого каражат жетишсиз болду. Буга чейин ок атуу боюнча спортчулар кантип тандалып келген? Тааныштар же Панфилов мектебинин катышуучулары аркылуу гана маалымат алышкан. Мен спортчулар арасында сурамжылоо жүргүзүп көрдүм. Алардын дээрлик 2/3 бөлүгү Панфилов мектебинен келгендер экен. Андан соң, Бишкектеги мектепке которулгандар. Учурда биз ок атуу спортун жайылтууну колго алдык. Анткени, спортчулар арасындагы атаандаштыкты күчөтүү зарыл. Таланттуу спортчуларды издеп жатабыз, үмүт арткан улан-кыздар бар. 

Ок атууга 12 жаштан баштап катыша баштаса болот, эмнеге? Себеби, бала физикалык жактан күчтүү болушу керек. Тапанча менен мылтыкты көтөрүү жана атуу оңой эмес. 

Ушул жылдын сентябрь айында биздин комплексте Борбордук Азиянын машыгуу сбору жана өспүрүмдөр арасындагы мелдештер болуп өттү. Бул машыгуу Ок атуу боюнча Азия конфедерациясынын колдоосу астында болду. Мен үчүн бул мелдешти уюштуруу абдан чоң жоопкерчиликти талап кылды. Анткени, буга чейин мындай масштабдагы иш-чараларды уюштуруп көргөн эмесмин. Мелдештин катышуучулары иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн белгилешти. Чакырылган инструктор Лапидус дагы кезектеги турнир бардык талаптарга жооп бергенин айтып, бизди кубандырды. Мелдештин акырында айрым катышуучулар дайыма биздин комплексте машыккысы келип жатканын айтып, мындай иш-чаралар байма-бай өтүп турушун билдиришти. 

***  

Биздин спортчулар эл аралык турнирлерге, дүйнөлүк жана Азия биринчиликтерине катышып келишет. Бардык чыгымдар “Аю холдинг” компаниясынын эсебинен жабылат. Азырынча жогорку көрсөткүчкө жете элекпиз, бирок мунун үстүнөн иштеп жатабыз. Мен спортчулар бир гана ок атууга көңүл коюп, мыкты машыгуусу үчүн аларга жакшы шарттарды түзүп бергенге аракет кылып жатам. Ийгиликке жетүүгө көптөгөн факторлор таасир этет: каржылык колдоо, тир, машыгуулар, сборлор, техникалык жактан жабдуу, психологиялык колдоо, мелдештерге барганда коштоп жүрүү, тамактануу жана спортчунун карьерасы бүткөндөн кийин колдоо. Мунун баарын акырындык менен ишке ашырып келе жатам. Бул чоң жумуш, чоң жоопкерчилик. Бирок, жогорку көрсөткүчкө жетип, чемпиондорду өстүрүү үчүн аларга шарт түзүп берүү маанилүү. 

***   

Тилекке каршы, биздин спортчулар Токиодо өтүүчү олимпиада оюндарына лицензия ала албай калышты. Бир гана мүмкүнчүлүбүз бар – квотага ээ болуу.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2