2025-01-05
Бир жумада өлкө боюнча дээрлик 16 миң жол эрежесин бузуу катталды
Бир жумалык рейддин жыйынтыгында өлкө боюнча 15 миң 939 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Чүй: Өрттүн кесепетинен эки жаран денесинен күйүк алды
Түндө Чүй облусунда имараттан чыккан өрттү өз алдынча өчүрүүгө аракет кылган эки кароолчу күйүк алып, ооруканага түштү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Тоолуу райондорго кар жаап, үшүк жүрөт
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 4-октябрда өлкө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланат, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Токмокто жол кырсыгынан эки адам каза болду
Токмокто 2-октябрдан 3-октябрга караган түнү болжол менен 11:30дар чамасында Гагарин жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинен «Тойота Раф 4» жана «Мазда» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Бүгүн Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында күрөшөт
Бүгүн спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө биринчилигинде кыз-келиндер күрөшү башталат. Анда 55 жана 62 килограмм салмактагы атлеттер таймашка чыгышат.
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 4-октябрда, дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешине чыгат. Мелдештин программасы Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтына жарыяланган.
Бишкекте дзюдо эл аралык академиясынын расмий ачылышы өттү
Бишкек шаарында 2-октябрда дзюдо эл аралык академиясынын расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Энергетика министрлиги: Медициналык мекемелердин электр жарыгы өчүрүлбөйт
Биринчи категориядагы объектилердин электр энергиясы өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.