AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

АКШ Кыргызстанга жугуштуу ооруларды электрондук түрдө кабарлоонун жаңы системасын берди

Кечээ, 12-октябрда Бишкекте АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана аларга каршы чара көрүү борборлору (CDC) Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жугуштуу ооруларды электрондук түрдө кабарлоонун жаңы системасын тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

cdc-moh_disease_survillance_system_3.730x400.jpg

Бул система кабарлануучу жугуштуу оорулардын электрондук тизмесин берүү аркылуу ооруларды көзөмөлдөөнү жакшыртат. CDC жана Колумбия университетинин саламаттыкты сактоо тармагында иштеген уюму ICAP, 2021-жылдын январында Кыргызстандын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өтүнүчү боюнча шашылыш билдирүү жана каттоо тутумун иштеп чыгууну баштаган.

«Бул сыяктуу электрондук көзөмөл системалары коомдук саламаттыкты сактоо адистерине убакытты үнөмдөөгө жана натыйжада өмүрлөрдү сактап калууга жардам берет. Биз кыргызстандык жугуштуу оорулар боюнча адистерге COVID-19 жана башка оорулар менен күрөшүүдө бул программалык камсыздоону бергенибизге сыймыктанабыз. Бул долбоор коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы өнөктөштүгүбүздүн көптөгөн мисалдарынын бири гана. Бүгүн биз Борбор Азиядагы коомдук саламаттыкты жакшыртуу боюнча ондогон жылдар бою кабыл алынган милдеттенмеге таянып жатабыз», - деди CDCнин Борбор Азия боюнча директору Дэниэл Сингер.

Жаңы система аркылуу алынган так маалымат кыргызстандык медицина кызматкерлерине жугуштуу оорулардын өлкөдө кантип жайылып баратканы жөнүндө тезирээк жана жакшыраак түшүнүк алууга, ошого жараша өмүрлөрдү сактап калуучу ресурстарды бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.

CDC - АКШнын алдынкы коомдук саламаттыкты сактоо агенттиги, коомдук саламаттыкты сактоо маселелери боюнча Борбор Азиянын өкмөттөрү менен көп жылдык кызматташтыкта. CDC биринчи кеңсесин 1995-жылы Алматыда ачкан жана бүгүнкү күндө анын кеңселери Казакстанда, Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда бар.

CDC ар бир Саламаттыкты сактоо министрлиги менен кызматташып, өлкөлөр лабораторияларды, ооруларды көзөмөлдөөнү жана жумушчу күчтөрдүн потенциалын күчөтүү үчүн иштешет, ошондо өлкөлөр оорулардын чыгышын жакшыраак алдын алат, аныктайт жана жооп берет.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2