Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин жаңы курамы ант берип, кызматка киришти

Министрлер кабинетинин жаңы курамы Жогорку Кеңештин трибунасынан ант беришип, кызматка киришти. Ант берүү аземине президент Садыр Жапаров катышты.
Дүйнөдө, анын ичинде Борбор Азияда, депрессияга кабылгандар көбөйдү. Изилдөө

COVID пандемиясынын биринчи жылы депрессия жана коркуу сезиминде болгондордун саны 26 пайызга өстү. Бул тууралуу окумуштуулардын эл аралык тобунун изилдөөсүндө айтылганын Lancet басылмасы жазды.
Аксынын Жергетал айылында жаңы бала бакча ачылды

Бүгүн, 13-октябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жергетал айыл аймагына караштуу Жергетал айылында 50 орундуу бала бакчанын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти.
АКШ Кыргызстанга жугуштуу ооруларды электрондук түрдө кабарлоонун жаңы системасын берди

Кечээ, 12-октябрда Бишкекте АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана аларга каршы чара көрүү борборлору (CDC) Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жугуштуу ооруларды электрондук түрдө кабарлоонун жаңы системасын тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.
Камчыбек Ташиев: Кылмыштуу топтордун «башын жанчабыз»

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев 13-октябрда парламенттин жалпы жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып, өлкөдө бир кылмыштуу топ баш көтөрсө, «башын жанча» турганын айтты.
Акыркы суткада коронавирустан эки бейтап каза болгон

Кыргызстанда 13-октябрга карата коронавирус 63 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Кыргызстанда дан эгиндеринин дүң жыйымынын олуттуу төмөндөшү белгиленүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрына карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 533 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө караганда 0,9% га аз.






