2025-07-31
Акыркы суткада коронавирустан эки бейтап каза болгон

Кыргызстанда 13-октябрга карата коронавирус 63 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Кыргызстанда дан эгиндеринин дүң жыйымынын олуттуу төмөндөшү белгиленүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрына карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 533 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө караганда 0,9% га аз.
Акылбек Жапаров өлкө казынасын кантип толтурарын айтты

Мамлекеттик бажы кызматындагы көмүскө иштердин баары ачыкка чыгат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын, президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучусу Акылбек Жапаров билдирди.
Ka4eli Fest фестивалынан кийинки антисанитардык шарттар үчүн айып салынды

Бишкектин турак жай-коммуналдык чарба тармагын көзөмөлдөгөн вице-мэри Максатбек Сазыкулов мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Медер Амангелдиев менен биргеликте Тоголок Молдо жана Москва көчөлөрүн текшерип чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын м.а. болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык, Жапаров Акылбек Үсөнбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын - Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Бишкекте түрк тасмалар жумалыгы өтөт

16-октябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрында V Түрк тасмалар жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.