2025-01-03
Түрмөк
БШК: 23 партия талапкерлеринин тизмесин бекитти
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин билдирген 73 партиянын ичинен 26сы съезд өткөрүп, 23ү талапкерлеринин тизмесин бекитти.
Саясий партиялар каттоодон өтүү үчүн документтерди 18-октябрда саат 18:00гө чейин БШКга өткөрүшү керек.
13-октябрга карата “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Мекен”, “Ишеним”, “Ынтымак” жана “Улуттар Биримдиги” партиялары талапкерлеринин тизмесин каттоодон өткөрүү үчүн документтерди БШКга тапшырды.
Партиялардын тизмеси:
1. “Улуттар Биримдиги” партиясы;
2. “Ишеним” партиясы;
3. “Альянс” партиясы;
4. “Кыргызстандын жашылдар партиясы” партиясы;
5. “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия”;
6. “Ата Мекен” партиясы;
7. “Ыйман Нуру” партиясы;
8. “Эл үмүтү социалдык саясий партия”;
9. “Азаттык” партиясы;
10. “Ынтымак” партиясы;
11. “Ак Асаба” партиясы;
12. “Күчтүү регион” партиясы;
13. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы;
14. “Аруузат – Эл Куту” партиясы;
15 “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы;
16. “Мекенчил Эл” партиясы;
17. “ОРДО” партиясы;
18. “Багыт” Кыргызстандын либералдык-демократиялык партиясы”
19. “Жашасын Кыргызстан” партиясы;
20. “Улуу-Журт” партиясы;
21. “ЛЕГАЛАЙЗ” партиясы;
22. “Кыргызстандын прогрессивдүү жаштар партиясы”;
23. “Социал-демократтар” партиясы.