2025-07-06
Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган аймагында көчөт отургузуу аракетине бөгөт коюлду

2021-жылдын 14-февралында Кыргызстандын чек ара кезмети Баткен облусунун Баткен районунун Паскы-Арык айлынын Уч жерлигиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын такталбаган аймагында Тажикстандын жарандары тарабынан көчөттөрдү отургузуу аркеттерине бөгөт койду. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы маалымдайт.
Чыгаан актриса Жамал Сейдакматова дүйнөдөн кайтты

Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады.
2021-жылдын 16-февралында Кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, дүйнөлүк чыгаан актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова узакка созулган катуу оорудан кийин 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
УКМК: Мамлекеттик байланыш агенттигинде дагы бир коррупциялык схеманын бети ачылды

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Мамлекеттик байланыш агенттигинде көзөмөлдөнгөн компанияларга радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия берүүдө Кыргыз Республикасынын колдонулган мыйзамдарын бузуу менен дагы бир коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү

Бишкекте өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктен билдиришти.
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүүдө

Бүгүн, 15-февралда жарандык активистер кыргыз-тажик чек арасындагы маселе боюнча Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.
Мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев элге кайрылуу жасады

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы башчысы Максатбек ажы Токтомушев видео кайрылуу жасады. Анын видеосун Рустам Калматов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жарыялады.