Бишкек мэриясы бейтап балдардан кабар алды

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан бейтаптардын ден соолугун сурап, оорукананын иши менен таанышты. Мэрдин милдетин аткаруучу дарыгерлер менен баарлашып, бейтаптарга сапаттуу кызмат көрсөтүүнү тапшырды.
Жакында Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров иш сапары менен Россия Федерациясына барат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Түркияда Манастын эстелигин орнотуу үчүн айкелди жасоо иши башталды

Түркиянын Кечиөрен муниципалитетинде Манастын эстелигин орнотуу үчүн айкелди жасоо иши башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.
Америкалык Perseverance марсжүргүсү Марска конду

АКШнын Perseverance марсжүргүсү Марска ийгиликтүү конду. Бул учур Америкалык аэрокосмикалык агенттиктин (NASA) сайты аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү.
Күйөөм 2 жаштагы кызымды уурдап кетти. Милиция издебей жатат

Инстаграм социалдык тармагында @alic.051 деген ник менен катталган жаш эне 2 жаштагы кызын күйөөсү уурдап кеткени тууралуу жазып, коомчулуктан жардам сураган. Анын айтымында, милиция жана башка тиешелүү органдар арызын карабай, бөбөктү издеген жок.
ОшМУга Каныбек Исаковдун аты ыйгарылат

Ош мамлекеттик университетине мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаковдун аты берилет. Мындай чечим Ош шаардык кеңешинин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.
ИИМдин Күзөт кызматы 55 жылдыгын белгиледи

Бүгүн, 18-февралда Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы 55 жылдык мааракесин белгиледи.
Аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, салтанаттуу иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчиси Дамирбек Исаков катышты.






