2025-07-08
Forbes миллиардерлердин тизмесине дагы үч Казакстандыкты кошту

Forbes журналы дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесине Казакстандын дагы үч жаранын кошту.
Кайнатасынын өлүмүнө шектелип күйөө баласы кармалды

Ош облусун Кара-Суу районунда кайната жана кайненесине бычак сайды делип күйөө баласы кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыганан билдиришти.
Экс-депутат Токтогул Туманов пневмониядан каза болду

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Токтогул Туманов 6-апрелде 55 жашында пневмониядан каза болду. Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиевдин билдиришинче, Туманов оор абалда 1-апрелде ооруканга түшкөн. Дарыгердин айтымында, бейтап ага чейин коронавируска кабылып, он күндөй үйүндө дарыланган.
Кыргыз-Венгр өнүктүрүү фонду түзүлөт

Кыргызстан менен Венгрия Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу келишимге кол коюшту.
Президент Айзаданын өлүмү боюнча ишти өз көзөмөлүнө алды

Бишкекте өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын ишин президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу мамлекет башчысы өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган.
Касым-Жомарт Токаев коронавируска каршы эмделди

Казакстандын президенти коронавируска каршы "Спутник V" менен эмделди, деп айтылат zakon.kz порталындагы билдирүүдө.
Согдиде Кыргызстан менен Тажикстандын ИИМ министрлери жолукту

Тажикстандын Согди облусунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Тажикстандын ички иштер министри Рахимзода Рамазон Хамронун расмий жолугушуусу болду.