2025-07-07
Белгилүү журналист, жазуучу Жаркын Темирбаева дүйнө салды

Кыргыз маданияты жана журналистикасы оор жоготууга учурады. Белгилүү журналист жана жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Темирбаева Жаркын Суран кызы 2021-жылдын 3-апрелинде 66 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.
Нурбек Абдиев ИИМ министринин орун басары болуп дайындалды

Нурбек Абдиев ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери жолукту

Кечээ, 2-апрелде Москва шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында, Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Казакстанда үч жогорку окуу жай аккредитациядан ажыратылды

Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги үч жогорку окуу жай постаккредитациялык мониторингден өтүүдөн баш тартканы үчүн алардын аккредитациясын чакыртып алды.
Алмазбек Атамбаев 7-июнга чейин камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын 7-июнга чейин узартты.
Жапаров иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 3-4-апрелде иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Мамкаттоо кызматы жакын арада мобилдик тиркемени ишке киргизет

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2021-жылдын 1-майына чейин электрондук ID-карта, электрондук айдоочулук күбөлүк, транспорттук каражаттарды катоо тууралуу электрондук күбөлүк түрүндөгү санариптик документтерди ишке киргизүү сунушталды. Аталган чаралар мамлекеттин жарандар менен өз-ара аракеттешүү процедурасын жөнөкөйлөштүрүүгө жана аларды Мамлекеттик электрондук тейлөө порталына жайгаштырууга багытталган.