COVID-19: Бишкекте 745 орундуу жети стационар иштеп жатат

Бишкекте коронавирус жана пневмония менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 745 орундуу жети стационар иштеп жатат. Бул тууралуу шаардын саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.
И.Иманбетов Cалык кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Иманбетов Илияз Жеңишович Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
К.Абдалиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагалыгынан бошотулду

Абдалиев Кабыл Кушбакович Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты.
«Ак шумкарлар» 1-июндан баштап машыгууларын баштайт

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 1-июндан баштап машыгууларын баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйында Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди.
2021-жылдын I кварталында жашоо минимуму 13 пайызга өстү

Кыргызстанда 2021-жылдын I кварталында жашоо минимумунун көлөмү 5 840,40 сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 13 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
ИИМ академиясы жаңы окуу жылына абитуриенттерди кабыл алат

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык, толук юридикалык билим берүү программасы боюнча укук коргоо органдары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Тоңдо томолой жетим балдар жер тилкелерине ээ болушту

Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүндө жашаган томолой жетим балдар Э.Т. уулу менен Б.М. турак жай куруу үчүн ар бири 0,15 га жер тилкелерин алышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.






