AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

ИИМ академиясы жаңы окуу жылына абитуриенттерди кабыл алат

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык, толук юридикалык билим берүү программасы боюнча укук коргоо органдары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

f0fa93d5-f567-4548-84e5-3eиим04640735ff.730x0.jpg

Маалыматка ылайык, окутуу күндүзгү окутуу формасы боюнча бюджеттик жана контрактык негизде жүргүзүлөт.
Күндүзгү окутуу формасы боюнча бюджеттик негизде “Укук коргоо
ишмердүүлүгү” багыты боюнча, контрактык негизде “Юриспруденция” багыты боюнча билим берилет. Контрактын баасы 30500 (отуз миң беш жүз) сом.

Окуунун мөөнөтү 4 жыл (бакалавр). Күндүзгү окутуу формасы боюнча бюджеттик негизде төмөнкү абитуриенттер кабыл алынат:

1. Кыргыз Республикасынын жараны, орто жана атайын орто билимдүү 17 жаштан жогору 25 жашка чейинки эркектер – бою 170 см. кем эмес:
- алардын ичинен спорттун чебери жана спорттун чеберине талапкерлер - бою 168 см. кем эмес;
- 2021-жылдын 1-июлуна карата 18 жашка чыга электер – бою 168 см. кем эмес;
- алардын ичинен спорттун чебери жана спорттун чеберине талапкерлер –
бою 166 см. кем эмес;

2. Кыз-келиндер (эреже катары, жалпы кабыл алуунун 10% кем эмес, Бишкек шаарында жашаган жери бар) 17 жаштан 25 жашка чейин, бою 165 см. Кем эмес;
- алардын ичинен спорттун чебери жана спорттун чеберине талапкерлер – бою 163 см. кем эмес;
- 18 жашка жетпегендер (2021-жылдын 1-июлуна карата) – бою 163 см. Кем эмес;
- алардын ичинен спорттун чебери жана спорттун чеберине талапкерлер – 161 см. кем эмес.

ИИМдин Академиясына кабыл алуу бюджеттик негизде окутууга Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары жана дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруусу талап кылынат.

Ал эми контрактык негизде Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
Бюджеттик негизде окууга тапшыруу үчүн абитуриенттер өздүк документтерин даярдоо жана ИИМдин Академиясына жөнөтүү үчүн катталган жери боюнча милициянын райондук, облустук ички иштер органдарына кайрылышы зарыл.

Контрактык негизде окууга тапшыруу үчүн документтерди ИИМдин
Академиясы кабыл алат.

Бюджеттик негизде окууга тапшыруу үчүн керектүү документтер:
1. Арыз;
2. Автобиография 2 даана (кол жазма менен жазылган, компьютерде басылган);
3. Анкета;
4. Өмүр баян рефераты;
5. Окуган жеринен мүнөздөмөсү;
6. Сунуш кат – 3 даана;
7. Аттестат же атайын орто окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө диплом;
8. Паспорттун көчүрмөсү (сүрөт чапталган жана каттоо коюлган бет);
9. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
10. Жашаган жеринен берилген маалымдама;
11. Милициянын участкалык уполномоченныйынан, криминалдык милиция кызматынан маалымдамалар;
12. Сүрөт 9х12 (1 даана), сүрөт 3х4 (4 даана);
13. Аскер-врачтык комиссиясынын корутундусу.

Контрактык негизде окууга тапшыруу үчүн керектүү документтер:
1. Арыз;
2. Өмүр баян 2 нускада (колго жазылган жана компьютерге басылган);
3. Анкета;
4. Акыркы жумуш ордунан (кызматынан) же окуусунан кызматтык мүнөздөмө;
5. Аныкталган үлгүдөгү №086 формадагы медициналык маалымдама;
6. Паспорттун көчүрмөсү;
7. 9x12 өлчөмүндөгү 1 даана, 3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрө;
8. Орто билими тууралуу аттестат же атайын орто окуу жайын бүтүргөндүгү
жөнүндө диплом.

Сурап билүү телефондору:
0(312) 63-14-31, 0(312)63-14-19,
0554102007, w/a 0707811204

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2