2025-01-08
Үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы 100%га көтөрүлдү
Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринин эмгек акылары 1-апрелден баштап 100 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн телеграмдагы баракчасына билдирүү калтырды.
Марипов менен Кытай элчиси кызматташтыкты талкуулады
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Коронавирустун үчүнчү толкунуна 200 млн сом даярдалды
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) тарабынан коронавирустун мүмкүн болгон үчүнчү толкунуна 200 млн сом даярдалды. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасы Артурбек Жуманазаров брифинг учурунда билдирди.
Forbes миллиардерлердин тизмесине дагы үч Казакстандыкты кошту
Forbes журналы дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесине Казакстандын дагы үч жаранын кошту.
Кайнатасынын өлүмүнө шектелип күйөө баласы кармалды
Ош облусун Кара-Суу районунда кайната жана кайненесине бычак сайды делип күйөө баласы кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыганан билдиришти.
Экс-депутат Токтогул Туманов пневмониядан каза болду
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Токтогул Туманов 6-апрелде 55 жашында пневмониядан каза болду. Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиевдин билдиришинче, Туманов оор абалда 1-апрелде ооруканга түшкөн. Дарыгердин айтымында, бейтап ага чейин коронавируска кабылып, он күндөй үйүндө дарыланган.
Кыргыз-Венгр өнүктүрүү фонду түзүлөт
Кыргызстан менен Венгрия Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу келишимге кол коюшту.